«Кумтөр иши»: Экс-президент Сооронбай Жээнбеков УКМКда сурак берүүдө

Сооронбай Жээнбеков

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков «Кумтөр ишине» байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берүүдө. Маалыматты «Клоопко» атайын кызматтан тастыкташты.

Жээнбеков бул иштин алкагында биринчи жолу 12-августта сурак берип чыккан. Экс-президент 2017-жылы премьер-министр болуп турганда Кумтөр кенине байланыштуу суралып, УКМК «анын катышуусундагы тергөө амалдары уланып жатат» деп кабарлаган.

Мурдагы өлкө башычынын жакындары ал «биринчи суракта берилген суроолордун айланасында жооп берип жатканын» билдиришти.

«Премьер-министр жана президент катары Сооронбай Жээнбеков "Кумтөр" кенине байланыштуу кандайдыр бир чечимдерди кабыл алган эмес жана канадалык тарап менен эч кандай макулдашууга кол койгон эмес», — деди Жээнбековдун жакындары.

«Кумтөргө» байланышкан сурактар жана кармоолор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар экенин билдирген. Бир иш «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилигине байланыштуу, калган үч иш — коррупция фактылары боюнча аткаминерлерге байланыштуу.

Башкы прокуратура Кумтөр кенин казуу боюнча түзүлгөн келишимдин айланасындагы коррупция боюнча иликтөө башталганын 21-майда билдирген.

Кийинчерээк бир катар чуулуу сурактар, саясатчыларды жана депутаттарды кармоо жүргүзүлгөн: алар «Кумтөр» кенин казуу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип жатат. Негизинен, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, андан тышкары экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев кармалган. Андан сырткары бир катар депутаттар, анын ичинде Асылбек Жээнбеков кармалган.

Алардын ичинен сот экс-депутаттары Талантбек Узакбаев менен Исхак Пирматовду күнөөлүү деп тапкан. Экөөнү сот 300 миң сом айыпка жыккан. Ошондой эле «Кумтөр» иши боюнча Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров 30-сентябрга чейин УКМКнын ТИЗОсунда болот.

Абылгазиев тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин үй камагына чыккан. Ал мамлекетке 50 млн сом төгүп берген.

Андан тышкары, 2-августта ушул эле кылмыш иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн качкын президент Аскар Акаев өлкөгө кайтып келген.

Бирок Акаев башка саясатчыларга салыштырмалуу кармалган эмес. Ал келген күнү тергөөгө көмөк көрсөтүү үчүн келгенин айтып, бир жумадан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.