«Кумтөр» иши. Абылгазиев казынага 50 млн сом төгүп, үй камагына чыкты

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тергөө мөөнөтү аяктаганча үй камагына чыкты. Маалыматты «Клоопко» УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Ошондой эле, атайын кызматтан Абылгазиев мамлекетке 50 млн сом төгүп бергенин айтышты.

Абылгазиевге кандай айып тагылууда?

Абылгазиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 26-январда кармалып, эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Мурдагы өкмөт башчысы «Кумтөр» ишине байланыштуу мыйзамсыз баюу жана коррупцияга шектелип жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда «Кумтор Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берген Абылгазиевдин өкмөтүнүн коррупциялык фактылары иликтенип жатканын билдирген.

21-майда сот экс-премьердин камак мөөнөтүн 26-июлга чейин узарткан.

6-июнда Абылгазиев «Бикард» жеке клиникасына которулганы белгилүү болгон. Бул тууралуу медициналык мекемеге таянып «Азаттык» жазган. Басылманын маалыматына караганда, мурдагы чиновник жүрөк-кан тамыр оорусунан улам дарыланууга чыккан.

Экс-чиновник кармалгандан кийин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда, өзүнүн активдерин расмий кирешесинен алда канча чоң кылып, мыйзамсыз көбөйтүп алганын билдирген.

Бул байлыктарынын изин жашыруу үчүн экс-премьер көп кабаттуу үйлөрдү куруу тармагына акча салып, активдерин башка адамдарга жаздырып койгону айтылат.

Абылгазиев өкмөт башчылык кызматты 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын июнь айына чейин аркалаган. Ал радиожыштыктарды сатууга байланышкан коррупциялык чуунун шартында ээлеген кызматынан бошотулган.

Экс-премьер-министр «күч органдарына кысым көрсөттү» деген каралоодон оолак болуу үчүн өз каалоосу менен кыска мөөнөттүк өргүүгө, андан ары отставкага кеткен.