Лейлекте чек арачы «киши өлтүрүүгө» шектелип кармалды

Иллюстративдик сүрөт

УКМКнын Чек ара кызматынын 30 жаштагы аскер кызматкери «киши өлтүрүүгө» шектелип кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынан 18-сентябрда билдиришти.

Мындан бир күн мурун Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын четинде эркек адамдын сөөгү табылган. Лейлек РИИБинин ыкчам тергөө тобу маркум киши колдуу болгонун аныктап, ага шектүү катары чек ара кызматкерин кармашкан.

«Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, 17-сентябрда аталган аскер кызматкери эки досу менен үлпөт тойдон кайтып келе жатышкан. Эки достун ортосунда чыккан ооз эки кайым айтышуу мушташка айланып, жыйынтыгында бири каза болгон», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Мындан сырткары, шектүү 6-сентябрдан тарта эмгек өргүүсүндө жүргөндүгүн белгилешти. Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.