Ош: Ак-Буура дарыясына массалык түрдө аккан балыктар лабораторияда текшерилет

18-сентябрда «Турмуш» басылмасы Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында агып жаткан чала жан балыктарды желим баштыкка топтоп жаткан тургундар тууралуу видео жарыялады. Анда 6-7 киши дарыяга түшүп, балыкты кайырмак менен эмес, колу менен кармап баштыктарга салып жатканы көрүнөт.

Аларга көпүрөнүн үстүнөн карап турган тургундар «бул тараптан агып жатат, суунун бул тарабын карасаңар» деп айтып, балыктар көп агып жаткан тарапты колу менен көрсөтүшкөн. Дагы бири сууга зыяндуу зат төгүлгөнү же суу булганганы үчүн балыктар ага баштаганын айтышкан.

Аталган видео соцтармактарга тарагандан соң Ош шаарынын мэриясы тургундарга Ак-Буура дарыясында агып жаткан балыктарды кармоодон, аларды жегенден жана сатыкка чыгаруудан алыс болууну эскертти. Ошондой эле, балыктардын массалык түрдө агып жаткандыгынын себеби такталып жатканын кошумчалашты.

Мындан сырткары, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлү «Турмуш» басылмасына курган маегинде сууну жана агып жаткан балыктарды лобараториядан текшерүү үчүн жерине кызматкерлер жөнөтүлгөнүн билдирди.

«Азыр бизден бир эколог [жерине абалды көргөнү] кетти. Ветеринардык кызматтан да кызматкерлер барат. Балыктарды лабораториядан текшерип көрүшөт», — деп билдирген мекеменин өкүлү.