Милиция: Фрунзе заводундагы бомба тууралуу маалымат — жалган

Маалымат 21:15те жаңыртылды.

Бишкектин Ленин РИИБи Михаил Фрунзе атындагы заводдун аймагында бомба коюлганы тууралуу билдирүү жалган экенин кабарлады. Буга чейин бомба тууралуу жашыруун билдирүүдөн улам ал жерден адамдар эвакуацияланып, аймак курчоого алынган.

Милиция аталган факты маалымат журналына катталып, чогултулган материалдар УКМКга өткөрүлүп берилерин кошумчалады.

Бомба тууралуу билдирүү

Милициянын маалыматына ылайык, билдирүү болжолдуу саат 14:50дө түшкөн.

«Жерине дароо тергөө-ыкчам тобу, Ленин РИИБнин жетекчилиги жөнөп кетти. Коопсуздукту жана жарандардын эвакуациясын камсыздоо максатында заводдун аймагы курчалды. УКМКнын дагы кызматкерлери келди», — деп билдиришти милициядан.