Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда мотоциклист сүзүп кеткен аял жеринде көз жумду

19-сентябрь кечинде Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда мотоцикл башкарып бара жаткан адам аялды сүзүп кетти. Жабырлануучу жеринде дароо жан берген.

Чүй ОИИББнин басма сөз кызматынан «Клооптун» журналистине 20-сентябрда аталган факты КЖБРге «Жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарынын эксплуатациясын бузуу» беренеси менен катталганын билдиришти. Жол кырсыгы болгон жерге Сокулук РИИБнин милиция кызматкерлери барган.

Кармалган жаран 1992-жылы туулган. Сүрөт: Чүй ОИИББи.

Милициянын маалыматына караганда, шектүү 1992-жылы туулган жаран. Ал Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иш боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Андан тышкары, блогер Болот Ибрагимов Instagram барагында аялдын өлүмү менен аяктаган окуя кырсык болгон аймакка жакын жашаган тургундардын нааразылыгын жаратканын билдирди. Жергиликтүү эл окуя болгон жолду тосушкан, бирок милиция кызматкерлери келгенден кийин тарап кетишкен.

Болот Ибрагимовдун барагынан скриншот.