COVID-19: Эки бейтап каза болду, 58 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 20-сентябрда өлкөдө коронавирустун 58 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 36;

Ысык-Көл облусунда — 9;

Чүй облусунда — 6;

Жалал-Абад облусунда — 5;

Нарын облусунда — 1;

Талас облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 72 бейтап айыгып, эки киши каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 177 780ге жетти. Оорудан 172 261 бейтап айыгып, 2 590 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 591 бейтап ооруканаларда, 868 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.