Экс-депутат Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелип кармалды

УКМКнын басма сөз борбору алдамчылык фактысы менен экс-депутат Кубанычбек Нурматов кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, өзгөчө ири өлчөмдөгү көптөгөн алдамчылык фактылары боюнча Нурматовго карата сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кубанычбек Нурматов. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Нурматов 2013-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган кезинде «алдамчылык жолу» менен баасы 500 миң доллардан ашкан кыймылсыз мүлккө ээ болгону кабарланат. Нурматов «Алдамчылык» беренеси менен 20-сентябрда кармалды. Ал УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди.

Нурматов деген ким?

Кубанычбек Нурматов «Кыргызстан» партиясынан алтынчы чакырылыштын депутаты болгон. Ал мандатын 2021-жылдын 29-августунда тапшырган. Эл өкүлү болгонго чейин 2012-2015-жылдары Эсеп палатасында иштеген.

Мурдараак, 2015-жылдын майында, ага карата «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Ал ЖОЖго жасалма документтер менен тапшырган делип шектелген. Кийин Башкы прокуратура бул ишти жаап койгон.

Мындан тышкары, ЖМКнын маалыматына ылайык, ал Эсеп палатасынын аудиторлук кызматына келгенге чейин куралды мыйзамсыз сактоо жана ден соолукка атайылап залал келтирүү үчүн эки жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Анда ИИМ менен Башкы прокуратура аларда Нурматовдун мурдагы соттуулугу тууралуу маалыматтары жоктугун кабарлашкан.

Кубанычбек Нурматов өзү журналисттерге 1996-жылы Орусиядан келген досу ага аңчылык үчүн бычак белек кылганын, ал курал катары бааланып, сот чечими боюнча штраф төлөгөнүн түшүндургөн. Ал эми денеге залал келтирүү фактысы тууралуу ал боюнча сот чечими жок деп билдирген.

Ошондой эле, Нурматов өзү эмне себептен жасалма документ жасоого шектелгенин кенен айтып берген.

«1982-жылы мен орто окуу жайга тапшыргам. 1984-жылы аскерге чакырылып, 1986-жылы кайтып келгем. Окуумду улантып, 1987-жылы аяктагам. Тоноп кеткенде дипломум жоголгон. Кийин көчүрмөсүн бергенде адашып окууну аяктаган жылды адаштырып, 1985-жыл деп жазып коюшуптур. Азыр бүт архивди көтөрүп жатышат. Саясатчылардын атаандаштары болорун өзүңөр деле билсеңер керек. Бирок азыр так билбей туруп, кимдир бирөөнү күнөөлөй албайм. Бирок эл билет», — деп билдирген анда Нурматов.