Убактылуу жашоого уруксат алуу үчүн киреше тууралуу документ талап кылбоо сунушталды

Экономика жана финансы министрлиги чет элдик жарандарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө жобону коомдук талкууга алып чыкты.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде жаңы жободо жашап турууга убактылуу уруксат алууга тапшырып жаткан чет өлкөлүк жарандарда туруктуу легалдуу киреше булагы болушун ырастаган документти алып салуу сунушталууда деп айтылат.

Минфиндин пикиринде, бул документти чет элдиктерге жашап турууга убактылуу уруксаты көбүнесе Кыргызстанда иштөөгө уруксаты барлар үчүн берилип жаткандыктан алып салуу кажет. Аларга жергиликтүү ЖОЖдордо окуп жаткан чет элдик студенттер кирет.

Долбоордун өзү «Жашап турууга уруксат» автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүүнү дагы болжойт. Бул жобо кабыл алынса колдонуудагысы күчүн жоготот.

«Жашап турууга уруксат» системасын колдонууда Id-card карточкасы түрүндөгү жашап турууга уруксаттарды да жасоо сунушталууда.

«Жашап турууга уруксат алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында токтомдун долбоору менен этникалык кыргыздардын арыздары боюнча материалдарды кароо мөөнөтүн кыскартуу каралууда, бул жактардын категориясы үчүн жашап турууга убактылуу уруксаттар боюнча материалдарды кароонун жалпы мөөнөтү токтом долбооруна ылайык 1 айдан, ал эми туруктуу уруксаттар боюнча – 3 айдан ашпоого тийиш», — деп айтылат документте.