«Бизнес менен алектенип келем». Абдраимов УКМКнын айыптоолорун четке какты

Туйгунаалы Абдраимов

«Мыйзамсыз баюу» ишинин алкагында суракка алынган Чүй облусунун экс-башчысы Туйгунаалы Абдраимов УКМКнын айыбына 21-сентябрда жооп кайтарды. Ал атайын кызмат жарыялаган мүлктөрдү ага таандык эместигин айтат.

Абдраимов ал өмүр боюу ишкерлик менен алектенип келе жатканын жана 31, 34, 39 жаштагы үч баласы тең батирде жашап, арзан баалуу унааларды айдашарын белгилеген.

Анын айтымында, аялынын Көк-Жар конушунда батири жана кичинекей үйү бар. Мындан тышкары, Абдраимов Ысык-Ата пансионатында реабитациялалык борбор куруу үчүн 400 миң доллар насыя алганын белгилейт.

«Геббельс айткандай, жалган канчалык коркунучтуу болсо, ошончолук эл ишенүүгө даяр. Мен өмүр бою бизнес менен алектенип келем. Ооба, Ивановка айылында "Кайнар" ЖАКтын 2000-жылдары Орусия жана АКШга туруктуу жашоого кеткен досторумдан алган акцияларым бар. Бул тууралуу Ивановка айылынын тургундары билишет. Мен кыймылсыз мүлктү, машиналарды, жер үлүштөрүн сатып алып, кайра саттым. Мунун баары УКМКда меники деп көрсөтүлгөн», — деди Абдраимов.

Ошондой эле, ал 10 жыл бизнес менен алектенип Кытай, Түркия, Иран жана башка өлкөлөргө барып соода кылганын айтып, 10 жыл мамлекеттик кызматта иштегенин айткан.

20-сентябрда УКМК Абдраимовго 250 млн сомго бааланган мүлк таандык экенин билдирген.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Абдраимов жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп «кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу менен мыйзамсыз түрдө активдерин көбөйткөн».

УКМК мурдагы аткаминер кирешелерин адалдоо максатында Бишкек жана Чүйдүн аймагында «өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган» кымбат кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр сатып алган деп билдирген.

«Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, Туйгунаалы Абдраимов жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, 2 унаа токтотуучу жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа, жана ошондой эле “Ысык-Ата” курортунун территориясында бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.