Ошто 13 кишиге тиш салган ит өлтүрүлүп, Беккари чуңкуруна ташталды

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында 13 кишини кутурган ит тиштеп, алар ооруканага кайрылды. Жабырлануучулардын он бири 14 жашка чейинки жаш балдар.

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мамарасул Өмүрзаков «Клоопко» билдиргендей, учурда ит тиштеген тургундар кутурма оорусуна каршы вакцина алып жатышат.

Өмүрзаковдун айтымында, 19-сентябрда Туран кичи районунда мойнунда кызыл каргысы бар, ак түстөгү ит сегиз адамды тиштеп, андан кийин Учар айылынын үч тургунуна тиш салган.

«Учардын жашоочусу баласы менен итти кармайын деп жатканда, анын өзүн жана уулун тиштеп алган. Азыр тиш салган тургундардын ичинен эки жаш бала ооруканада жатат. Калгандарына медициналык биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнөн дарыланууга чыгарылган. Аларга бүгүн да схема боюнча кутурмага каршы вакцина берилди», — деди Өмүрзаков.

Мындан сырткары, Өмүрзаков иттин кутурма оорусу бар-жок экендиги жана анын ээси тууралуу маалымат белгисиз бойдон калгандыгын кошумчалады. Анткени Учар айылынын жашоочулары итти кармап өлтүргөндөн кийин Беккари чуңкуруна* ыргытып жиберишкен. Өмүрзаковдун айтымында, негизи иттин башын лабораторияга тапшыруу керек болчу.

*Беккари чуңкуру — бул инфекциялык оорунун жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында жаныбарлардын өлүгүн таштоо үчүн казылган атайын чуңкур.

«Өлтүргөндөн кийин ӨКМдин кызматкерлерин чакырышкан экен, алар аны ороп, полигондогу беккариге ыргытып салышыптыр. Бирок ал текшерилбесе да кутурган ит сыяктуу кетет. Анткени ал кишиге тиш салып жатат да. Күмөн саналган иттер кутурган деп эсептеле берет», — деп белгиледи Өмүрзаков.

Ош шаардык клиникалык оорукананын дарыгери Уларбек Кадыралиев «Т-Медиа» басылмасына курган маегинде ооруканага жаткырылган эки жаш баланын абалы «туруктуу оор» экендигин айтты.

«Балдардын денесинде ит тиштеген жерлер көп. Жолбун ит экен. Көчөдө ойноп жүргөн балдарды, жолдо басып бараткандарды четинен тиштеп кете бериптир», — деген Кадыралиев.