Жапаров Пермдеги окуяга байланыштуу Путинге көңүл айтты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге жана Пермь университетинде каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтты. 20-сентябрдын таңында аталган университеттин студенти чыгарган октон 6 адам набыт болгон.

«Кыргызстандын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, бул трагедияда жабыркагандардын бардыгына тез арада сакайышын каалайм», — деп айтылат телеграммада.

Кыргызстандын ТИМнин маалыматына ылайык, жабыркагандар менен каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Пермь университетиндеги окуя

Пермь мамлекеттик университетинде 20-сентябрда студент окуу жайда туш келди ок чыгарган. Натыйжада 6 адам каза таап, 20дан ашыгы жарадар болгон. Ок чыгарган студент кармалган.

Орусиянын ЖМКлары кармоо учурунда кылмышкер жарадар болуп, учурда реанимацияда экенин билдиришкен. Baza жана РБКнын маалыматына ылайык, кол салган студент — 18 жаштагы Тимур Бекмансуров. Ал аталган окуу жайга быйыл тапшырган. Пермь мамуниверситетинде ал юридика факультетинде «Сот экспертизасы» адистиги боюнча (акы төлөп) окуп жүргөн.

Ок атуу фактысы боюнча полиция эки же андан көп адам өлтүрүү боюнча иш козгоду.

Пермде 21-сентябрь каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бардык окуу жайларында сабактар токтотулду.