COVID-19: Акыркы суткада үч бейтап каза болуп, 72 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 22-сентябрга карата коронавирустун 72 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 37;
  • Ысык-Көл облусунда — 14;
  • Чүй облусунда — 6;
  • Талас облусунда — 4;
  • Жалал-Абад облусунда — 4;
  • Баткен облусунда — 3;
  • Нарын облусунда — 2;
  • Ош облусу — 1;
  • Ош шаары — 1;

Ошондой эле акыркы суткада 100 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирус жуктурган үч бейтап каза болду.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 177 941ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 172 469 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери илдеттен жалпы 2 595 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 542 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 862.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.