2022-жылы бюджеттин тартыштыгы 9,1 млрд сомго чыгары айтылды

Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы 22-сентябрда ведомство өкүлдөрү ЖМК жана жарандык коом менен 2022-жылдын бюджетинин долбоору жана 2023-2024-жылдарга алдын ала прогноз жүргүзүү боюнча жолукканын билдирди.

Жолугушууда экономика жана финансы министринин орун басары Алмаз Бакетаев 2022-жылы бюджеттин тартыштыгы 9,1 млрд сом болору болжолдонуп жатканын айтты.

Ошондой эле, Бакетаевдин айтымында, 2023-жылы бюджеттин тартыштыгы азаят — болжол менен 8,1 млрд сом. Бирок 2024-жылы 8,6 млрд сомду түзүшү мүмкүн.

Андан тышкары, министрдин орун басары бюджеттин киреше бөлүгү боюнча прогнозду айтып өттү:

  • 2022-жылы — 203,6 млрд сом;
  • 2023-жылы — 218,8 млрд сом;
  • 2024- жылы — 231,8 млрд сом.

«Бюджеттин 2022-2024-жылдарга карата долбоорунда президенттин жарлыгына ылайык социалдык төлөмдөрдү жогорулатууга, экономикалык өнүгүү багытындагы долбоорлорду каржылоого, санарип экономикага, COVID — 19 жана анын кесепеттери менен күрөшүүгө, ошондой эле Баткен облусун өнүктүрүүгө каражаттар каралган», — деп билдиришти экономика министрлигинен.

Ведомстводон белгилешкендей, биринчи жолу бюджетте үч жылга параметрлерди бекитүү каралды. Алардын маалыматына караганда, мындай кадам бюджеттин кандай болорун божомолдоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.