Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Ал мамлекеттик тил коомдук турмуштун бардык тармагында аралашуусун жактай турганын билдирип, жарандарды «ар кандай шарт-жагдайларга шылтоолобой» тилдин өнүгүшү үчүн кызмат кылууга үндөдү.

Мамлекет башчысы кыргыз тили кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башкы белгилеринин бири экенин, кыргыз улутун улут кылып турган эң негизги касиети болуп саналарын белгиледи.

«30 жылдык тарыхында эне тилибизди өнүктүрүү жаатында көп иштер жасалды, бирок алдыда жасала турганы андан көп [...] азыркы учурда эне тил маселесине олуттуу мамиле жасап, документтердин баарын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө көңүл буруп баштадык.

Мындан сырткары, дагы бир топ иш-пландар бышып жетилип турат. Ошондуктан, бардык тараптарды ар кандай шарт-жагдайларга шылтоолоп, илгертеден келаткан инерция менен эле иштей берүүнү токтотуп, өз тилибизге, демек, элибизге кызмат кылууга чакырам», — деп айтылат өлко башчысынын куттуктоо сөзүндө.

Жапаровдун айтымында, тил саясаты «мамлекеттик саясаттын ажырагыс, эң маанилүү бөлүгү болушу» шарт.

Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү 1989-жылдан бери белгиленип келет. Ошол эле жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРнин Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.