Компания ар бир депутатка отчёт берүүгө милдеттүү эмес — «Кумтөр» эл өкүлдөрүнө жооп берди

«Кумтөр Голд Компани»* (КГК) «жалпыга маалымдоо каражаттары, айрым саясатчылар, депутаттар жана соцтүйүндөгү “диван эксперттери” компаниянын «ишмердүүлүгүн чоң талкууга алышты» деп айтылган билдирүүсүн жарыялады.

КГК бул билдирүүсү менен ишкананын ишмердүүлүгүнүн «ачык-айкындыгынан» шек санап, отчёт берүүнү талап кылган айрым депутаттарга жооп берди.

*Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштеткен. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет. 17-майда өлкө бийлиги «Кумтөргө» бүгүнкү күнгө чейин иштеп жаткан сырткы башкарууну киргизген.

«Кумтөр» «айрым саясатчылар менен ЖМКлардын өкүлдөрү коомчулукка карандай калп жана туура эмес маалыматтарды таратуу менен упай топтоого ыңгайлуу болгон бул “ысык тема” аркылуу өздөрүнүн баа-баркын көтөрүүгө аракет кылып жаткандай» деп эсептейт.

«Кырдаалдын мындай өнүгүшү албетте “Центерра” үчүн да, айрым кызыкдар тараптар үчүн да пайдалуу. Депутаттар боюнча айтсак, баары айдан-ачык түшүнүктүү. Алар ушундай популисттик билдирүүлөрү менен арзан кадыр-барк топтоп, эртеңки шайлоого даярданышууда. Эсиңиздерге сала кетсек, “Кумтөр” – бул саясат эмес, өндүрүш жана бул теманын өзгөчөлүгүн терең билбей туруп, ар кандай божомолдорду айта берүү кооптуу», — деп белгилешти компаниядан.

КГК «ар бир депутатка өзүнчө отчёт берүүгө милдеттүү эмес», эгерде парламент убактылуу сырткы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктүн отчётун уккусу келсе, анда алар бул маселени министрлер кабинети менен макулдашуусу керек деп белгилешти. «Кумтөр» Тенгиз Бөлтүрүк Мамүлк фондусунун башчысына ай сайын отчёт берип жатканын дагы кошумчалады.

«Эскерте кетсек, “Кумтөр Голд Компани” – бул соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан стратегиялык объект, ошондуктан мыйзамга ылайык, биз таратууга укугубуз жок жашыруун маалыматтар да бар», — деп белгиленген ишкананын билдирүүсүндө.

Ал эми кенден чыккан алтынды сатуу боюнча КГК «алтынды кайра иштетүүчү фабриканын акыркы продуктусун – алтын, күмүш, жез жана башка кошулмалары бар Доре эритмесин алуу, аны тазалоо жана андан ары алтын менен күмүштү экспорттоону “Кыргызалтын” ААКсы ишке ашырарын» эскертишти.

Доре эритмеси — алтынды кайра иштетүүчү фабриканын акыркы продуктусу. Аны ушундай түрдө Кара-Балтадагы аффинаждык ишканада андан аркы кайра иштетүү үчүн «Кыргызалтын» сатып алат. Сүрөт: «КГКнын» сайты

«Кумтөр» компаниянын атын «ыплас саясий технологияларда» колдонбоону суранып, кенде сырткы башкарууну киргүзүүгө «чоң зарылдык болгонун» эскертти.

«Бардык иштер мамлекеттин жана Кыргызстан элинин кызыкчылыгы үчүн гана жасалууда», — деп билдирди КГК.

Эл өкүлдөрүнүн талабы кандай?

Депутаттар Акылбек Кемелов менен Наталья Никитенко

Депутат Акылбек Кемелов 22-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин жыйынында «Кумтөр» кениндеги убактылуу сырткы башкаруучунун иши боюнча отчёт берүүнү талап кылган.

Эл өкүлү спикерден тармактык комитеттерге тапшырма берүүнү жана сырткы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктөн учурда кен кандай иштеп, кадр саясаты кандай болуп жатканы тууралуу маалымат угууну суранып кайрылган.Депутат Наталья Никитенко дагы фейсбук барагында ишкананын сырткы башкаруучусуна бир катар суроолорду жолдоп, анын иши «ачык-айкын» болбой жатканын айткан.

«Эмне үчүн өлкө бюджетинин бешинчи бөлүгү менен экспорттун жарымын камсыздаган компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу эч ким отчёт бербей жатат», — деп кызыккан ал.

Кумтөрдүн айланасындагы окуялар жана Centerra менен соттошуу

Кумтөр кендин айланасындагы чуу уланып жатканына бир нече ай болду.

Кумтөрдөгү оор жүк ташуучу унаалар. Сүрөт: «Кумтөр Голд Компанинин» сайты

Үстүбүздөгү жылдын май айында Октябрь райондук соту Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды төккөнү үчүн «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Андан кийин 12-майда «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн текшерген мамкомиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарган. Комиссия мүчөлөрү алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом же 4 млрд 252 млн доллар өндүрүп алууну сунушташкан.

6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда каалаган компанияга тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алган. Ага ылайык, сырткы башкаруу эгерде компания экологиялык нормаларды бузуп, калктын ден соолугу менен өмүрүнө реалдуу коркунуч туудуруп, коркунучту жоюу үчүн тийиштүү чараларды кабыл алуу боюнча талаптарды аткарбай жатса киргизилет. Ал эми 17-майда депутаттар «Кумтөр Голд Компаниге» сырткы башкаруу киргизип, ал жакта Centerra’нын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укуктарын коргоону көздөшөт.

Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги киргизген тышкы башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

Кийинчерек Centerra үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталына карата отчётун жарыялаган. Анда компания Кумтөр кени Кыргызстандын карамагына өткөндөн кийинки чыгымды 926,4 млн доллар деп баалаган.

Тема боюнча: Centerra: Кыргыз өкмөтүнүн «Кумтөрдү» басып алуусунан 1 млрд долларга жакын чыгым тарттык

Ал эми 8-июлда Канаданын компаниясы арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнө кошумча доо талаптарды койгонун жарыялаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз өкмөтү менен «Кыргызалтынга» «алтын кенин чогулуп басып алып, эзелки инвестициялык келишимдерди бузгандыктан» тарткан бардык зыян менен чыгымдар үчүн да жоопкерчилик жүктөгөн.

1-июнда Centerra’нын туунду компаниялары — «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» Нью-Йорктун түштүк округунун банкрот иштери боюнча сотуна кайрылып, банкротко учуратуу процессин баштоону суранган. Сот доо арызды кароону белгисиз мөөнөткө жылдырган.

«Кумтөрдүн» сырткы башкаруучусу Centerra’нын аракеттери «ар кыл ыкма менен кендин ишмердигин токтотууга» жана «Кыргызстанды мындай олуттуу өндүрүш комплексин башкарууга даремети жетпейт деп айыптоого» багытталган деп эсептейт.