Centerra кыргыз өкмөтүнө арбитраждык сотто кошумча доо талаптарды койду

Centerra Gold Inc. арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнө кошумча доо талаптарды койгонун билдирди.

Анын ичинде, доо «Кыргызалтынга» карата дагы «Кумтөр кенине ээлик кылуудан мыйзамсыз ажыратууга» жооп катары берилген.

«“Кыргызалтын” кенге ээлик кылуу максатын ишке ашыруу үчүн сырттан башкаруу киргизүү аркылуу Кыргызстандын өкмөтү менен кутум келишимге барган. Азыр дагы “Кумтөрдү” жана Centerra Gold компаниясындагы өзүнүн үлүшүн башкарууда өкмөттүн көрсөтмөсүн аткарып жатат», — деп билдирет Centerra Gold.

Centerra Gold Inc. кыргыз өкмөтү менен «Кыргызалтынга» «алтын кенин чогулушуп басып алып, эзелки инвестициялык келишимдерди бузушкандыктан» тарткан бардык зыян менен чыгымдар үчүн да жоопкерчилик жүктөгөн.

«Ар бир талашты ачык-айкын арбитраж боюнча чечүү милдетин аткаруунун ордуна өкмөт жана алар менен бирге кыймылдап жаткандар “Центерранын” инвестициялары менен миңдеген кыргыз жумушчуларын тобокелге салып, Кумтөр кенин тартып алууга өтүштү. “Центерра” бул талашты Кыргызстандын бийлиги менен конструктивдүү диалогго отуруп чечүүнү эп көрөт, бирок алардын диалогго катышуудан бир нече жолку баш тартуулары бизге арбитраж жана укуктук каражаттар аркылуу укуктук коргоонуларды издөөдөн башка арга калтырбай жатат», — деп билдирди компаниянын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри.

Centerra Gold Inc компаниясынын кошумча доо арыздары, 2021-жылдын май айындагы доо талаптары сыяктуу эле бир арбитражда, Швециянын Стокгольм шаарындагы арбитраждык сотто каралат.

Centerra Gold Inc жана «Кумтор»

Centerra Gold компаниясынын президенти Скотт Перри «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын кызматкерлерине 1-июлда кайрылуу жасаган. Перри кыргыз бийлиги «кенди жалган маалыматтын негизинде басып алганын жана дагы деле сүйлөшүүгө макул болбой жатканын» жазган.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал эми 18-май күнү өлкө жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындаган.

Кийинчерээк бир катар чуулуу сурактар, саясатчыларды жана депутаттарды кармоо жүргүзүлгөн: алар «Кумтөр» кенин казуу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип жатат. Негизинен, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, андан тышкары экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев кармалган.

Канада өкмөтү «эл аралык активдери бар, эл алдында сатылып жаткан канадалык компанияга» тышкы башкаруу киргизүү кадамы Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал» деп эскерткен.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укуктарын коргоону көздөшөт.