Ош: Кара-Суу шаарындагы «Оомат» базарынын сатуучулары митингге чыкты

Кара-Суу шаарында митингге чыккан сатуучулар. Сүрөт: «Т-Медианын» видеосунун скриншоту.

Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы «Оомат» базарынын 100дөн ашык сатуучусу 23-сентябрда райондук администрациянын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу «Клоопко» президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу билдирди.

Сатуучулар эмнеге нааразы?

«Оомат» базарында соода кылган ишкерлер базардын жаңы ээси беш жылга келишим түзүү үчүн, ар бир сатуучудан 5000 АКШ долларын талап кылып жатканына нааразы.

«Беш миң доллар 425 миң сом болот экен. Базарда эптеп-септеп иштеп жүрсөк, балдарыбызды багып жатсак, аны кайдан табабыз? Бир ай мөөнөт беришти. Базарды ким сатып алганын билбейбиз. Мурда Мелис Мырзакматовго караштуу болчу», — деди митингге чыккандардын бири.

Акцияга чыккан ишкерлер патенттери бар экенин, тийиштүү салыктарды төлөп жатканын кошумчалашты. Алар бийликтен бул жагдайга көңүл бурууну өтүндү.

«Биз жер акысы үчүн 3 600 сом төлөчүбүз. Бир ай ичинде дагы 1 100 сом кошулуп, 4 700 сомдон төлөп жатабыз. Патент, соцфонд, жарык үчүн дагы төлөйбүз [...] Контейнердеги бардык товарыбызда саткан күндө деле, алар талап кылган акча чыкпайт», — деп билдирди акцияга чыккандар.

Нааразы болгондордун айтымында, базардын жаңы кожоюну ишкерлер менен жолуккан эмес. Сатуучулар «Ооматтын» жаңы ээси ким экенин билишпейт.

Бийликтин ишкерлерге берген жообу

Нааразы болгондор менен Кара-Суу районунун акими Турсунбек Ногоев жолукту.
Сүрөт: «Т-Медианын» видеосунун скриншоту.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу «Клоопко» нааразы болгон ишкерлер менен Кара-Суу районунун акими Турсунбек Ногоев жолугуп, талаптарын укканын билдирди.

«Ал жыйынга базардын жаңы жетекчиси да чакырылды. Жергиликтүү бийлик көйгөйдү угуп, эки тарапка түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң, нааразычылык акциясы токтоду. Аталган базар жеке сектор болгондуктан райондук, мамлекеттик администрация ишкерге чара көрө албайт», — деди ал.

Муратбек уулу нааразы болгон тарап күч түзүмдөрүнө арыз менен кайрылганын кошумчалады. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кара-Суудагы базар Борбор Азиядагы эң чоң соода аймактардын бири. Кыргызстанда «Дордой» базарынан кийинки орунда турат. Аянты 24 гектарды түзүп, 20дан ашык жеке менчик жана муниципалдык базарларды камтыйт.