УКМК юрист Нурбек Токтакуновдун «кустуризациядан» түшүп жаткан акчалар өлкөнүн бюджетине түшпөй «уурдалып жатат» деген билдирүүсүн төгүндөдү.
Мамкомитет бул маалыматты «жалган» деп атап, каражаттын баары мамлекеттин бюджетине түшүп, ал прокуратура органдары тарабынан көзөмөлдөнүп жатат деп ишендиришти.
*«Кустуризация» — өлкө башчылыгына Садыр Жапаров келгенден кийинки коррупция менен күрөшүү ыкмасын бийлик ушундайча атап алган. Ага ылайык, коррупцияга айыпталган чиновниктер УКМК белгилеген зыяндын өлчөмүн төлөп, эркиндикте кала берет.
«Кустуризация» дагы уурдалууда
Юрист Нурбек Токтакунов 22-сентябрда фейсбук барагында коррупционерлерден түшүп жаткан каражаттар тууралуу билүү үчүн финансы министрлигине сурам жөнөткөнүн билдирген. Ал бюджетке канчасы которулуп, кайда жумшалганын билгиси келгенин айткан.
«Минфинден мага бул каражаттар таптакыр эле республикалык бюджетке түшпөгөнүн, укук коргоо органдарынын депозиттик эсептеринде калып жатканын айтып жооп беришти. Бюджеттик процесстин дүйнөлүк тажрыйбасы эгерде жасалган кылмыштын орду толтурулган бул каражаттар республикалык бюджетке которулбаса, алар көзөмөлсүз каларын, адатта, уурдалып кетерин көрсөтүп турат», — деп билдирген Токтакунов.
Анын айтымында, мындай жол менен «кустуризация таланып-тонолуп, айрым бир саясий максаттарга жумшалып жатканын коркпой-үркпөй эле айтса болот».
УКМК эмне деп жооп берди?
УКМК Токтакуновдун «куру сөздөрү жана жалган билдирүүлөрү коомчулукту адаштырып, кара пиар аркылуу коррупцияга каршы жүргүзүлгөн саясаттын оң натыйжаларын жаманатты кылууда» деп эсептейт. Мамкомитет улуттук коопсуздук органдары «ачык» иштеп, «жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат» деп ишендирди.
«Улуттук коопсуздук органдары тергеген кылмыш иштеринин алкагында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жазык -процессуалдык мыйзамдар менен так жөнгө салынат, анын аткарылышын көзөмөлдөө прокуратура органдары тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
Анын үстүнө, белгиленген акча каражаттары, жазык иштери боюнча акыркы процессуалдык чечимдер кабыл алынгандан кийин, дароо жана толугу менен өлкөнүн бюджетине чегерилет, ал эми зыяндын ордун толтуруу үчүн шектүүлөр өткөрүп берген мүлк Мамлекеттик мүлк фондунун балансына алынат», — деп билдиришти ведомстводон.
УКМКдан белгилешкендей, мекеменин кызматкерлери коррупциялык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча «эбегейсиз иштерди» жүргүүдө.
Коррупция менен күрөш
Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгына келгенден кийин ведомство коррупция менен айыгышкан күрөш жүргүзөрүн бир нече жолу айткан. Бирок, чуулгандуу кармоолор коррупцияга айыпталган чиновник мамлекетке келтирген зыяндын ордуна УКМК тарабынан белгиленген сумманы төгүп берип, үй камагына чыгуу менен аяктаган.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана депутат Кубанычбек Жумалиевдин кармалышы — аталган иштердин эң чуулгандуулары.
Ошол эле кезде бажыдагы коррупция иши боюнча Матраимов мамлекетке 2 млрд сом зыянды төлөп берген, андан соң сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомго айып салып эркиндикке коё берген.
12-апрелде УКМК Жумалиев мамлекетке 1 млрд сомдон ашык зыянды ордун толтуруп бергенин билдирген, «улгайып калганы жана саламаттыгы» эске алынып баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тууралуу тил катына өзгөртүлгөн.
Алгоритм боюнча, бул каражаттар алгач УКМКнын депозиттик эсебине түшөт, андан соң финансы министрлигине барып, ошол жерден чыгымдарга бөлүштүрүлөт. Мурдагы мыйзам боюнча УКМКнын 25%ды жеке керектөөлөрүнө жумшоого укугу бар болчу, бирок атайын кызмат бул ченем январь айында эле жокко чыгарылганын айтып жатат.
Дагы окуңуз: