«Каматабыз & Кустурабыз». Жапаровдун Райымбек Матраимов тууралуу позициясы кандайча өзгөрдү?

Райымбек Матраимов жана Садыр Жапаров

Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров абактан чыккандан кийин тарапташтары уюштурган митингде экс-бажычы Райымбек Матраимов камалат деп сөз берген. Бирок кийинчерээк анын позициясы өзгөрүп, коррупционерлерге 30 күндүк экономикалык амнистия жарыялады.

«Клооп» Жапаровдун экс-бажычы Райымбек Матраимов тууралуу буга чейин айткандарын бир макалага топтоду.

«Урматтуу журналисттер, Райым миллион менен сүйлөшүп алыптыр, президент Жээнбеков менен сүйлөшүп алыптыр деген жалган сөздөрдү таратып жатасыңар. Токтоткула! Эч кимиси менен сүйлөшкөнүм жок, сүйлөшпөймүн дагы. Райым миллион камалат. Мен азыр толук кандуу ишке кирише элекмин. Киришкенимден кийин камалат», — деп убадалаган Жапаров анын талапкерлиги өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жатканда.

«Райым Матраимов боюнча материалдарды карайбыз. Мен эми бүгүн эле дайындалдым да. Ишке жаңы киришип жатам. Матраимов боюнча менде маалыматтар жок. Такталбаган маалыматтар боюнча ал өлкөдөн чыгып кетти деп жатышат. Эртеси эле күнү чыгып кетти деген маалымат жеткен. Бирок мен аны билбейм», — деген Жапаров премьер-министр болуп бекитилгенден кийин өткөргөн маалымат жыйынында.

«Менин иштөө стилим башкача. Мисалы Райымды алып барып 5 секундда камап койсок болот. Төрт дубалда жата берет, тыйын келбейт. Анткени өзү камалгандан кийин эсептери жабылат. Бир эле Райым эмес, бардык коррупционерлер кусат. Биз кустуруу жолу менен кетебиз. Куспайбы анда камалат», — деп позициясын өзгөрткөн Жапаров премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу болгондон кийин Би-Би-Синин кыргыз кызматына курган маегинде.

Анткен менен Жапаров Матраимов сот алдында жооп берет деп ишендирди.

Жапаровдун позициясын Ташиев да колдойт

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев да Жапаров менен пикирлеш экендигин билдирген. Ал коррупционер дегендердин бардыгын кармап олтурбастан уурдаган акчаларын төлөтүп, кийинки кылмыштарына бөгөт коюу ал жетектеген мекеменин башкы максаты экенин белгилеген.

Мындан сырткары, УКМКнын жетекчиси болуп барганына үч күн эле болгонуна карабай бул убакыт аралыгында уурдалып кеткен каражаттардан 2 млрд сомдон ашыгын өндүргөнүн айткан.

Камчыбек Ташиев УКМКнын жетекчилигине дайындалгандан кийин берген алгачкы маалымат жыйында, ЖМКлардын иликтөөлөрүндө Матраимовдордун үй-бүлөсү тууралуу айтылган фактыларды изилдеп чыгабыз деп сөз берген. Ошондой эле, Райымбек Матраимовду кармоо боюнча буйрук берип, эгер анын күнөөсү болсо жоопко тартылат деп ишендирген.

Райымбек Матраимовдун кармалышы

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМКнын кызматкерлери тарабынан 20-октябрда кармалган. Интернетке тараган сүрөттөрдөн атайын кызматтын өкүлү Бишкектин май куюучу бекеттеринин биринин алдында Матраимовдун колуна кишен салып жатканын көрүүгө болот.

Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулары Матраимовдун кармалышын «элдин демин басуу аргасы» катары сыпатташкан. Ошондой эле, интернеттеги сүрөттөрдөн атайын кызматтын өкүлдөрү деген кишилердин беттери жабылганын көрүүгө болот.

Журналист Али Токтокунов фейсбук барагына беттери жабылгандардын бири УКМКнын Коррупциялык иштерге каршы күрөшүү кызматынын башкармалык башчысы Салмоорбек Жумабеков экенин жазган. Андыктан бул «кармоонун» өзү эле шоу экенин белгилеген.

УКМКнын басма сөз кызматтын маалыматына караганда, 2016-жылдан тартып Матраимов жана башка кызмат адамдары, Бажы түзүмүндөгү ири коррупциялык схеманы түзүшкөн. Анда «бажы тейлөөсү аркылуу көмүскө киреше булагынан» ири өлчөмдөгү каражатка ээ болуп турушкан. Бул коррупциялык схема мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген, бирок УКМКдан келтирилген зыяндын так суммасын айтыша элек.

Учурда УКМК мамлекетке канча зыян тийгизилгени жана Бажыдагы коррупциялык схемага тиешеси бар башкаларды аныктоо үчүн тергөө жүргүзүп жатат.

20-октябрда эле Матраимовдун баш коргоо чарасы каралып, ал үй камагына чыгарылган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Матраимов «тергөө менен кызматташканы үчүн» чет жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган.

Ал буга чейин «кылмыштуу аракеттеринен» келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы белгилеген 2 млрд сомду төлөөгө даяр экенин билдирген. Ведомствонун басма сөз кызматы Матраимов УКМКнын эсебине бул сумманын 80 млн сомун которгонун кабарлаган.

Журналисттик иликтөө

Райымбек Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Бул каражаттарды 5 жыл бою карапайым курьерлер аркылуу ташыган Айэркен Саймаити журналисттерге бул операцияларды Райымбек Матраимовдун жардамы менен жасаганын айтып берген. Саймаитинин айтымында, Матраимов бажыдагы жемкорлукту колдоп, Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүнө көмөк көрсөткөн

Курьерлер тоскоолсуз Абдукадыр үй-бүлөсүнүн акчаларын адалдагандан кийин, Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму каражаттардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон «Исмаил Ата» фондуна которушкан.

Kloop, «Азаттык» жана OCCRPнин биргеликте жасалган иликтөөсү жарыяланаардын алдында Саймаити Стамбул шаарында өлтүрүлгөн.

Буга чейин Саймаитинин курьерлеринин бири Хусан Керимов киши колдуу болгон. Керимов ошол каргашалуу кечте тийиштүү дарекке жеткирүү үчүн накталай 1,6 миллион долларды алууга бараткан. Курьердин жансыз денеси «Манас» аэропортунун алдындагы унаанын багажнигинде табылды.

Хусан Керимовдон сырткары иш убагында жок болуп кеткен курьерлер да болгон. Керимов өлтүрүлгөнгө чейин бир жума мурун «Мадина» базарынын 37 жаштагы соодагер Хуфур Абдурехмандын денеси табылган. Бирок ал бир гана соодагер эмес, «коллектор» да болгон — Абдурехман башка соодагерлердин акчаларын чет өлкөлөргө чыгаруу үчүн топтоп жүргөн.

Бул иликтөө коомчулукта резонанс жараткан. Өткөн жылдын ноябрь айында миңдеген адам «Ак үйдүн» алдына коррупцияга каршы митингге чыккан. Чогулгандардын негизги талабы Райымбек Матраимовду камоо жана реалдуу реформаларды өткөрүү болгон.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Kloop, «Азаттык» жана «24.kg» (бул басылма иликтөөдө катышкан эмес, ал иликтөө тууралуу өз сайтында жарыялаган) басылмасын 60 млн сомдук доо менен сотко бергенден кийин, жарандар экинчи митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары парламенттин алдындагы революция эстелигинин жанына чогулуп, ЖМКларга басым жасоону токтотууну талап кылышкан.

Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» басылмасына койгон доосунан баш тартышкан. Бирок алар Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян келтирилди деп Kloopтон 12,5 млн сом, «Азаттыктан» 22,5 млн сом жана журналист Али Токтакуновдон 10 млн сом талап кылышууда.