COVID-19: Акыркы суткада эки бейтап каза болуп, 79 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 25-сентябрга карата коронавирустун 79 жаңы учуру катталды, 107 бейтап айыгып чыкты. Ал эми эки адам илдеттен көз жумду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 41;
  • Чүй облусунда — 21;
  • Ысык-Көл облусунда — 12;
  • Жалал-Абад облусунда — 3;
  • Ош облусу — 1;
  • Талас облусунда — 1;

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 178 202ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 172 764 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 599 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 508 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 853.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 25-сентябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6 691 адам, ал эми экинчи дозасын 5 391 адам алды.