ӨКМ: Аламүдүн районунун тоолорунда 100 гектарга жакын куураган чөп өрттөндү

ӨКМдин басма сөз кызматы 26сынан 27-сентябрга караган түнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда өрт чыкканын кабарлады.

Аламүдүн районун тоолорундагы өрт. Сүрөт: ӨКМ 

Ведомствонун маалыматына караганда, Байгелди айылында тоо боорундагы куураган чөп өрттөнө баштаган. Жалындын жалпы аянты 100 гектардан ашат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрт катуу шамалдан улам үч багытта жайылганын кошумчалашты. Таңкы саат 07:10го карата өрт чектөөгө алынды.

Саат 08:50гө карата берилген маалыматта өрттү өчүрүүгө ӨКМдин 85 куткаруучусу тартылганы айтылды. Тилсиз жоо менен күрөш уланууда.