Тажикстанда кармалган Лейлек районунун тургуну сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулду

Иллюстративдик сүрөт

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 26-сентябрда кармалган кыргызстандык Орозбек Мирзоев бошотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Мирзоев Лейлек районуна «Кулунду» өткөрмө пункту аркылуу кайтарылган. Чек ара кызматынан Кыргызстандын компетенттүү органдары бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүп жатканын белгилешти.

Лейлектин Жаштык айылынын тургуну Орозбек Мирзоев 26-сентябрда Хужант — Канибадам каттамы менен Тажикстандын Жийделик айылына баратканда коңшу өлкөнүн атайын кызматы тарабынан кармалган. Аталган айылда этникалык кыргыздар жашайт.

Окуянын эртеси күнү эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Кыргыз бийлиги 21-майдан тарта Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген. Буга үстүбүздөгү жылдын 28-апрелден 1-майга чейин созулган «Тажикстандын аскерий агрессиясы» себеп болгон. Ал эми Тажикстан кыргыз жарандарынын кирип-чыгуусуна чектөө киргизген эмес.