Чек ара кызматы: Тажикстанда Лейлек районунун тургуну кармалды

Хужант — Канибадам унаа жолу. Сүрөт: «Субъективный путеводитель»

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаштык айылынын 26 жаштагы тургуну Орозбек Мирзоев Тажикстанда кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын УКМКсынын чек ара кызматы 27-сентябрда билдирди.

Кыргыз жаранын коңшу өлкөнүн атайын кызматы кармаганы белгилүү болду.

Алдын ала маалыматка ылайык, аталган тургун жубайы менен биргеликте Хужант — Канибадам каттамы менен Тажикстандын Жийделик айылына баратканда кармалган. Аталган маалыматты кыргыз бийлигине анын жубайы кабарлаган.

Учурда Кыргызстандын Баткен облусу жана Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара кызматтарынын өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу пландалууда. Анда кыргыз жаранынын кармалышынын мыйзамдуулугу жана аны кыргыз тарапка өткөрүп берүү маселеси каралат.

Кыргыз бийлиги 21-майдан тарта Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген. Буга үстүбүздөгү жылдын 28-апрелден 1-майга чейин созулган «Тажикстандын аскерий агрессиясы» себеп болгон. Ал эми Тажикстан кыргыз жарандарынын кирип-чыгуусуна чектөө киргизген эмес.

Өспүрүмдөрдүн кармалышы

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында тажикстандыктар Жаштык айылынын мектебинин эки окуучусун кармап, Тажикстандын аймагына алып кетишкен. Анда УКМКнын чек ара кызматы окуучулар аткезчи жүктү жүктөөгө жардам берип жүрүшкөндө кармалган деген маалыматты тараткан. Ошондой эле, тажик тарап «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унааны да алып кеткен.

Окуянын эртеси күнү, 24-сентябрда, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жетектеген делегация Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражжабой Ахмадзода менен жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тажик тарап кармап кеткен эки окуучу бошотулган.

Ал эми Лейлек райондук ички иштер башкармалыгы «Киши уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Мындан сырткары, Алимбаев жана Ахмадзода Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Исфара районунун Сомониён айылынын тургундарынын ортосунда чыккан жаңжалды да талкуулашкан. Анда Тажикстандын 30га чукул окуучусу Көк-Таш айылындагы Шайдулла Ганы атындагы мектебинин төрт окуучусун сабаган.

Көп өтпөй сабалган балдардын аталары жана туугандары эки тажик окуучусун жана алардын ата-энесин ур-токмокко алышкан. Баткен райондук администрациясы бул окуядан соң эки тараптан 20-40 чакты тургун топтолгонун билдирген.

Ал эми «Озоди» басылмасы Сомониён айылынын тургундарына таянып «Көк-Таш айылынын тургундары мектептен кайткан тажик балдарына таш ыргытканын» жазды. Маалыматка ылайык, «бир жаш бала жана чоң киши аймактык ооруканага жаткырылган». Ошондой эле тажикстандыктардын сабалганын Исфара шаарынын администрациясы да тастыктаган.