УКМК дары-дармекти «ашыкча кымбат» саткан фармкомпаниялар тобун аныктады

УКМКнын басма сөз борбору атайын кызмат саламаттык сактоо тармагындагы коррупциянын бетин ачуу боюнча иш баштаганын кабарлады. Анын натыйжасында Кыргызстанга дары-дармек ташып келип, «ашыкча кымбат баада саткан» фармкомпиялар тобунун бети ачылды.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, УКМК кызматкерлери компаниялардын кеңселеринде жана кампаларында тинтүү иштерин жүргүздү. Бирок ведомство кайсы компаниялар тинтүүгө алынганын ачык айткан жок.

«Бул компаниялар тобу көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын колдоосу менен салыктан качуу үчүн импорттук дарылардын чыныгы наркын жашырып, бирок калкка сатууда спекуляция кылгандары аныкталды», — деп билдирди УКМК.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, тергөө учурунда компаниялар тарабынан мыйзамсыз соода ыкмалары колдонулганы жана импорттук товарларды сүрөмөлөгөнү боюнча далилдер табылды. УКМКдан бул мыйзамсыз иштер саламаттык сактоо системасы аркылуу, акчалай сый акы берүү менен ишке ашып келгенин кошумчалашты.

Тергөөнүн жүрүшүндө УКМК компаниялардын биринин жетекчисин «Коррупцияга» шектеп кармады. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди.

УКМК компаниянын ишмердүүлүгүнөн мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн жана коррупциялык схемага аралашкан башка адамдардын аты-жөнүн аныктап жатат.