Бөлтүрүк, «Кыргызалтын» жана Centerra менен күрөш: Kaktus.media’нын иликтөөсү

Kaktus.media басылмасынын журналисттери иликтөө жүргүзүп, «Кумтөр Голд Компанинин» тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Канаданын Global Revival Inc. компаниясы аркылуу «Кыргызалтынга» консультациялык кызмат көрсөтүшү мүмкүн деген тыянакка келишкен.

Далил катары алар журналисттердин колуна тийген документтерди көрсөтүшкөн.

Алардын биринде 2021-жылдын 5-мартында «Кыргызалтын» ААКсы Канаданын Global Revival Inc. компаниясы жана анын аткаруучу директору Теңгиз Бөлтүрүк менен «консультациялык кызмат» көрсөтүү жөнүндө келишим түзгөнү айтылат.

Журналисттердин маалыматына караганда, келишим 2021-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу.

Консультациялык кызмат жөнүндө келишим. Сүрөт: Kaktus.media 

«“Кыргызалтын” Centerra Gold, “Кыргызалтын”, “Кумтөр голд компани”, “Кумтөр оперейтинг компани” компаниялары жана Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосундагы чечилбей жаткан чырлуу маселелерди чечүү үчүн Global Revival Inc. компаниясын тарткан», — деп билдиришти журналисттер.

Бул документтердин тууралыгын депутат Дастан Бекешев дагы тастыктады. Ал өзүнүн телеграм-каналы аркылуу, бул тууралуу май айында, документтер парламентке келип түшкөндө эле белгилүү болгонун билдирди.

«Мен анча деле маани берген эмесмин, кызматка дайындалган учурда ар кандай ушактар айтыла берет деп ойлогом. Бизге дайыма эле ар кайсы документтерди ыргытып кетишет. Ошондуктан бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин», — деди Бекешев.

Бөлтүрүк жана Global Revival Inc.

Журналисттердин маалыматына ылайык, Теңгиз Бөлтүрүк менен Канаданын Global Revival Inc. компаниясынын байланышы дароо эле байкалат — анын LinkedIn сайтындагы профилинде. Анда Теңгиз Бөлтүрүк 2017-жылдын май айынан бери Global Revival Inc.’тин аткаруучу директор кызматын аркалайт деп жазылган.

LinkedIn сайтындагы Теңгиз Бөлтүрүктүн барагынан скриншот

Ошол эле учурда, Global Revival Inc. жөнүндө көп деле маалымат жок. Компаниянын аталышы Казакстандын фондулук биржасынын (KASE) документеринде аталган. Атап айтканда, «Тин уан майнинг» фирмасынын 2013-2019-жылдар аралыгындагы финансылык отчётторунда.

«Тин уан майнинг» Казакстандагы Сырамбет кенин иштетет. «Тин уан майнингдин» расмий сайтындагы жалданма компаниялардын тизмесинде Global Revival Inc. көрсөтүлгөн эмес.

Журналисттер «Кыргызалтынга» кызмат көрсөтүүнүн сый акысы 30 миң доллар экенин белгилешкен. Бул чыгымдарды «Кыргызалтын» төлөйт.

Kaktus.media «Кыргызалтын» менен Global Revival Inc.’тин ортосундагы келишимдердин баары кызыкчылыктар кагылышын пайда кылат деп эсептейт. Анткени Бөлтүрүк бир эле учурда «Кумтөр Гол Компанинин» тышкы башкаруучусу жана Global Revival Inc.’тин директору болуп саналат.

«Кумтөр» эмне дейт?

«Кумтөр» журналисттик иликтөөгө реакция жасап, келишимде эч кандай кызыкчылыктар кагылышы жок деп жооп берген.

«Анткени Global Revival Inc. менен “Кыргызалтындын” ортосундагы консультациялык кызмат көрсөтүү жөнүндөгү келишим 2021-жылдын 5-мартында түзүлүп, 2021-жылдын 16-май күнү, Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компанинин” убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалгандан кийин бузулган», — деп түшүндүрүштү «Кумтөрдөн».