Активист Айсулуу Кудайбердиева УКМКга сурак берип, үйүндө тинтүү жүрдү

Активист Айсулуу Кудайбердиеваны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырып, үйүн тинтүүгө алышты. Бул тууралуу ал фейсбук барагына жазды.

«Кеч кирди. Баары жайында. Сурашты, тинтишти, телефонду алып коюшту. Өтө таңгалыштуу. Же шайлоонун алдында ушундайбы? Балким басым жасоо? Же жөн гана кыларга башка иштери жокпу...», — деп жазды ал.

Айсулуу Кудайбердиева. Соцтүйүндөн алынган сүрөт. 

Андан тышкары, ал суракка алгач күбө катары чакырылганын, кийин «бир нерсеге шектеп башташканын» белгиледи.

«Башында жөн гана күбө катары суракка алабыз дешкен, бирок кийин менин адвокатым шектүү катары өтүп жатканымды айтты. Сурактан кийин үйүмө келдик, кызматкерлер тинтүү жүргүзүштү. Мага тиешелүү буюмдарга тийишкен жок, азыр тинтүү жөнүндө акт түзүп жатышат», — деп айтып берген активист.

Ачыкка чыгарбоо тууралуу тил кат жазып бергендиктен кайсы ишке байланыштуу суракка чакырылганын айткан эмес.

Кудайбердиеванын суракка алынышы боюнча юрист Сания Токтогазиева пикирин билдирди.

«Клара Сооронкулова, Рита Карасартова жана Замир Жоошевдин telegram-аккаунттарын бузуп киришти. 17-сентябрда менин telegram-аккаунтум бузулган. Азыр Айсулуу Кудайбердиева УКМКга сурак берип, үйүндө тинтүү жүрүп жатат.

Айсулуу — саясаттан таптакыр алыс адам, ССМ адис жана жөн гана Кыргызстандын кайдыгер эмес жараны. Тыңшоолор, тинтүүлөр, маалыматтарды ачыктоо, суракка, камакка алуу — бул бийликтин башкага дарамети жетпейт өңдөнөт», — деп жазган ал фейсбук барагына.

Кудайбердиева деген ким?

24.kg басылмасынын маалыматына караганда, Айсулуу Кудайбердиева — саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташы. Андан тышкары фейсбуктагы «Полит Узник» тайпасынын администратору экени айтылып жатат.

Кудайбердиева бир нече жолу коррупция жана бийликтеги криминалга каршы #REакция тынчтык митингдерине чыккан.