Видео: Ошто өтмөктөн өтүп бараткан окуучуну ыргыта сүзгөн айдоочу кармалды

Ош шаарында жөө өтмөктөн өтүп бараткан 8 жаштагы окуучу кызды коюп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 28-сентябрь күнү саат 18:30дар чамасында орун алган. Анда окуучу Аскар Шакиров көчөсүндөгү «Манас-Ата» кафесинин алдындагы өтмөктөн өтүп бараткан учурда «Дэу-Матиз» унаасы аны койдуруп, андан соң «Хонда-СРВ» үлгүсүндөгү автоунаанын алдын сүзүп окуя болгон жерден качып кеткен.

Окуя видео-байкоочу камерага да түшүп калган. Анда кыз өтүп бараткан учурда унаалар токтоп турган, бирок жолдун толук көрүнүшүн өтмөктөн өтүп токтогон маршрутка тосуп турган. Кыз унаа жок деп ойлоп чуркап өтүп баратканда «Дэу-Матиз» катуу ылдамдыкта келип, кызды бир нече метр алыстыкка ыргыта сүзгөн.

Анын кесепетинен окуучу денесинен жаракат алып, Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. Учурда кыздын абалы кандай экени боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми 29-сентябрь күнү айдоочу табылып, Ош ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Айдоочу калаанын 27 жаштагы тургуну экени аныкталып, унаасы айып короого киргизилди.