Акыркы суткада коронавирустун 76 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 1-октябрга карата коронавирустун 76 жаңы учуру катталып, 99 бейтап айыгып чыкты. Илдетке чалдыккандардын арасында каза болгондор жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 42;
  • Чүй облусунда — 20;
  • Ысык-Көл облусунда — 8;
  • Жалал-Абад облусунда — 3;
  • Талас облусунда — 2;
  • Ош шаарында — 1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 178 608ке жетти. Ал эми өлкө боюнча 173 305 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 607 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 436 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 779.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 1-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 5 861 адам, ал эми экинчи дозасын 6 246 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.