Кара-Суу: Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Нодир Хосилов. Скрин «Т-Медианын» журналисттик иликтөөсүнөн алынды

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Нодир Хосилов, «Кадастрдын» аймактык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Баймуратов жана аты-жөнү белгисиз бир киши «Коррупцияга» шектелип кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 1-октябрда кабарлагандай, кармалгандар «жеке кызыкчылыктарын көздөп, узак мөөнөттө Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз саткан».

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Хосилов 2019-жылы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган — ага айыл өкмөт башчынын орун басары болуп иштеп келген.

Ал эми 2021-жылдын июнь айында Хосилов бул кызматка кайрадан шайланган.

Шайлоо күнү айыл өкмөтүнүн имаратына ондогон тургун чогулуп, Хосиловдун шайланышына нааразы болушкан. Чогулгандар ал «кызмат абалынан пайдаланып, жерлерди мыйзамсыз сатып жүргөнүн» айтышкан.

Мындан сырткары, тургундар Нодир Хосиловдун атасы Насир Хосилов 2010-жылга чейин Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болгонун, бул кызмат «үй-бүлөлүк монархияга айланып кеткенин» белгилешкен.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Т-Медиа» басылмасы Нариман айыл өкмөтүнүн айрым тургундары үлүш жерлердин алдыртып алышканы тууралуу журналисттик иликтөө жарыялаган. Анда тургундардын үлүшү башка адамдарга жеке турак жай куруу үчүн сатылганы аныкталган.