Ноокен: Эки өспүрүм 38 жаштагы кишинин өлүмүнө шектелүүдө

38 жаштагы кишинин өлүмүнө шектелип кармалгандар. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылындагы талаада 38 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Маркумдун өлүмүнө шектүү катары эки өспүрүм кармалды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз катчысы Шеркул Турганбаевдин айтымында, милицияга Ноокен райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн дарыгери чалып, белгисиз адамдын сөөгү табылганы тууралуу кабар берген.

«24-сентябрда саат 10:30 чамасында 102 кызматына Масы айылынын четинен адамдын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барган учурда 1973-жылы туулган маркум киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган», — деди Турганбаев.

Аталган факты КЖБРге «киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Ноокен районунун 19 жаштагы тургуну жана 16 жаштагы өспүрүмдөр кармалган. Шектүүлөр күнөөнү мойнуна алып, окуя кандай болгонун айтып беришкен.

Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, 19 жаштагы бала эки айга убакттылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми 16 жаштагы өспүрүмдүн жашы жете элек болгондуктан ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кудургу айылында 39 жаштагы тургундун өлүмүнө шектелип эки киши кармалган.

Алар тергөө учурунда 36 жаштагы киши жасаган кылмышын мойнуна алган. Ал кылмышты жасоого жабырлануучуга болгон эски таарыныч себеп болгондугун айткан.