Ош — Стамбул авиакаттамы сегиз жылдан кийин жанданды

1-октябрда Ош эл аралык аэропортуна сегиз жылдан бери биринчи жолу Стамбул — Ош авиакаттамы келип конду. «Пегасус» авиакомпаниясынын Боинг-737 учагын салтанаттуу түрдө суу аркасы менен тосуп алышты.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана «Манас» аэропортунун директорунун орун басарлары Абдималик Бусурманкулов менен Рысбек Оморов баштаган кызматкерлер катышты.

Анда Бусурманкулов «бүгүн тарыхый күн» деп, каттамдын жанданышы өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатат деп билдирди. Ал эми «Пегасустун» өкүлү Юсуф Эрман каттамды жаңылоо үчүн эки жылдай убакыт керектелгенин белгиледи.

1-октябрдагы рейс менен Ош шаарына 130 жүргүнчү учуп келип, Стамбулга 155 жүргүнчү учуп кетти.

Бул каттам жумасына үзгүлтүксүз үч жолудан аткарылаары айтылды.

2012-жылы «Түрк аба жолдору» компаниясы Стамбул-Ош-Стамбул багытында уча баштап, бирок кийинчерээк каттам токтотулган.