Каракол шаардык кеңешинин экс-депутаты адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектелип жатат

Максат Касенов. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Активист жана «Улуу Кыргызстан» кыймылынын мурдагы лидери Максат Касенов «киши өлтүрүүгө аракет кылууга» шектелип, 1-октябрда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Касенов Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «белгисиз беткапчан кишилер тарабынан» кармалганын анын жакындары соцтармактарда билдиришкен. Ошондой эле активисттин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү айтылган.

Ал эми ИИМдин маалыматына ылайык, Касеновдун Караколдогу үйүндө «Сайга» үлгүсүндөгү мылтык жана жаралма куралдар табылган. Учурда Касенов Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

«Көрсөтүлгөн жарандын ушул сыяктуу башка кылмышка катыштыгы бардыгы такталууда», — деп билдиришти ИИМден.

Касенов 2012-2016-жылдары Каракол шаардык кеңешинин депутаты болгон. Ал 2017-жылы Караколдогу «массалык мушташка катыштыгы бар» болгону айтылган. Анда милиция «Ээнбаштык» жана «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренелери менен иш козгогон.

Ал эми ЖМКлар мушташ Караколдо таасир талашкан эки кылмыштуу топтун ортосунда чыкканын жазышкан.