Жыл башынан бери Кыргызстандын жогорку жетекчилиги чет өлкөгө чыгуу үчүн учакка 96,3 миллион сом жумшады

Кыргызстандын жогорку кызмат адамдары 2021-жылдын башынан 10-сентябрга чейин чет өлкөгө чыгуу үчүн учак колдонууга мамлекеттик бюджеттен 96,3 миллион сом жумшады. Бул тууралуу OcOO.kg маалымат базасынын сервиси 28-сентябрда билдирди.

«Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 миллион сомго көп», — деп жазылат билдирүүдө.

Учуулардын тизмеси жана баасы. Сүрөт: ocoo.kg.

Маалымат жарыялангандын эртеси Тышкы иштер министрлиги президент Садыр Жапаров Европа институттарынын жетекчилери менен жолугушууга Бельгияга бараарын кабарлады. Иш сапардын качан болоору азырынча белгисиз.

Кыргызстандын жогорку жетекчилиги кайсыл учакта учушат?

OcOO.kg’нин маалыматына ылайык, өлкөнүн жогорку жетекчилигин «Эйр Кей Джи» авиакомпаниясы 17 кишиге ылайыкташкан Як-40 VIP-учагы менен ташыйт.

Жогорку мааниге ээ болгон каттамдарды президент, премьер-министр жана парламент төрагасы колдонушат.

Андан тышкары авиакомпания расмий делегацияларды Ту-154М учагы менен ташыйт. Бул компания «Манас» эл аралык аэропортуна таандык.