«Сомо» компаниясынын филиалдарын жабуу тууралуу чечим кабыл алынды

«Сомо» күрөөканасынын Бишкектеги филиалы. Скрин: Ali Toktakunov’s MediaHub’тын журналисттик иликтөөсүнөн алынды

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 1-октябрдан тартып «Сомо» компаниясынын Кыргызстандын аймагындагы филиалдарын жана өкүлчүлүктүрүн жабуу тууралуу жазма буйрук берди.

Мындай чечим «Сомо» боюнча жарыяланган журналисттик иликтөөдөн кийин Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен өткөрүлгөн ыкчам кеңешмеде кабыл алынды.

«Анткени күрөөканаларга берилген лицензиялардын реестринде “Сомонун” филиалдары катталган жок», — деп негиздешти чечимди финансы көзөмөл кызматынан.

Ошондой эле, мекемеден жакын арада «Сомо» компаниясынын үстүнөн пландан тышкары текшерүү жүргүзүлө турганын билдиришти — учурда Экономика жана финансы министрлигинин макулдугу күтүлүп жатат.

Мындан сырткары, Финкөзөмөлдөн «Сомо» күрөөканасы үстүбүздөгү жылдын апрель айында Улуттук банктын өтүнүчү менен текшерилип, анын жыйынтыгы менен бир катар мыйзам бузуулар аныкталганын белгилешти. Ошондуктан мекеме «Сомого» бузууларды жоюу тууралуу жазма буйрук берген.

Ал эми «Сомо» компаниясынын өкүлдөрү алар 1-октябрдан тарта насыя берүүнү убактылуу токтотушканын ырасташты. «Сомодон» насыялар чыр-чатак чечилмейин жана компаниянын аракеттери Финкөзөмөл менен макулдашканга чейин берилбей турганын белгилешти.

Анткен менен «Сомонун» сайтында бул тууралуу маалымат жок. Сайт кадимки тартипте иштеп жаткандай, анткени насыяны онлайн алуу дагы деле жеткиликтүү.

Журналисттик иликтөө

Буга чейин Ali Toktakunov’s MediaHub’тын журналисттери «Сомо» күрөөканасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу журналисттик иликтөө жарыялашкан. Материалда «Сомо» жарандарга чоң үстөк пайыз менен насыя бергени жана андан түшкөн каражаттар латвиялык ишкерди байытып жатканы кабарланган.

Журналисттер «Сомо» күрөөканасынан* насыя алган жүздөн ашуун жарандан сурамжылоо жүргүзгөн. Алардын көбү 10 миң сомдон карыз алып, бир айда эле 13 450 кайтара турганын билдиришкен. Башкача айтканда айлык үстөк 34,5%, ал эми жылдыгы 414%ды түзгөн.

Журналисттер сурамжылаган адамдардын 73 пайызынын тапканы айлык керектөө корзинасынан (6332 сом) аз, же таптакыр кирешеси жок. Каражатты негизинен дарыга жана дарыланууга, азык-түлүк алганга жана батир акысын төлөгөнгө алышкан.

Ошондой эле, «Сомодон» карыз алып төлөй албай калган жарандар журналисттерге курган маегинде аларга күнү-түнү коркутуулар камтылган билдирүүлөр келип турганын белгилешкен.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Сомону» Sun Finance Central Asia жана SIA P3 Capital (жаңы аталышы Capital KG) компаниялары негиздеген. Эки компания тең латвиялык ишкер Айгарс Кесенфелдсге таандык болуп чыкты. Кесенфелдс тууралуу латвиялык RE:Baltica иликтөө борбору да үстүбуздөгү жылдын февраль айында макала жарыялаган.

Анда дүйнөнүн 20дан кем эмес өлкөсүндө Кесенфелдс жалгыз же шериктери менен 150 компанияга ээлик кылары жазылган. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө микрофинансы бизнеси менен алектенген Кесенфелдстин байлыгы 400 миллион еврого жакындап калганы да айтылган.

Ал эми латвиялык журналисттер Кесенфилдс тууралуу иликтөө жарыялаганда өлкөнүн бийлиги ишкердин жогорку үстөк менен насыя берген ишканаларына бөгөт койгон. RE:Baltica’нын башкы редактору Инга Спрингенин айтымында, Кесенфилдсдин бизнеси «көзөмөлү начар, коррупцияга жол берген, эли жакыр өлкөлөрдө акча табат».