Мэрия: Бишкекте 5-октябрдан тартып жылуулук бериле баштайт

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 5-октябрдан тартып калаада жылуулук берүү башталарын билдирди. Тийиштүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.

Мэриядан абоненттерге жылытууну кошуу бир нече күнгө созуларын белгилешти.

Биринчи кезекте жылытууга мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйлөрү жана социалдык мекемелер кошулат. Андан кийин турак үйлөргө жана өнөр жай ишканаларына берилет. Ал эми карызы бар абоненттер жылытууга акыркы кезекте кошулат.

«Турак үйдү кошууда үйдүн жогорку кабаттарында жылытуу жабдууларында жайгашкан Маевский каналдары аркылуу жылытуу системасынан абаны чыгаруу керек. Бул чара батирге жылуулуктун келүүсүн тездетет», — деп кошумчалашты мэриядан.

Маалыматты «Бишкек жылуулук тармагы» дагы тастыктады. Дал ушул компания шаарга борборлоштурулган жылытуу киргизет.

Кабыл алынган ченемдерге ылайык, Кыргызстанда жылытуу мезгили беш сутка катары менен орточо температура -8 градус болгон учурда башталат.

Мындан тышкары, энергокризис жана Токтогул суу сактагычында суунун тартыштыгына байланыштуу бийлик үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салган.

Тема боюнча:Энергетикалык кризис жок, бирок электр кубаты менен жылытууга тыюу салынат. Энергетиктер эскертет

Кыргызстанда ысык суу менен жылытуу үчүн тариф жыл сайын кымбаттайт