Нефтетрейдерлер күйүүчү майдын баасын түшүрүү жолдорун сунуштады

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы (КНА) өлкөдө бензин жана дизель майынын баасын түшүрүүнүн жолдорун сунуштады.

Ассоциация белгилегендей: эл аралык эксперттердин маалыматы боюнча, октябрь айында мунай баасы өсө берет, натыйжада бул орусиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордун сатуу баасынын өсүшүнө алып келет.

КНА эгерде сатуу баасы өсө берсе жергиликтүү нефтетрейдерлер күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасын көтөрүүгө аргасыз болорун белгилешти. Болбосо бул алардын ишинин пайдасыздыгы менен андан ары май куюучу жайлардын жыбылышына алып келет.

КНА май куюучу жайларда бааны кармап туруу үчүн өлкө бийлигине 2021-жылдын октябрынан декабрына чейинки мезгилде калкып жүрүүчү салык жөнгө салуу механизмин колдонууну сунуштап жатат:

  • убактылуу акциздик салыктарды төмөндөтүү;
  • дизелдик отунду импорттоону жана берүүнү КНСтен бошотуу.

«Бул чаралар бензиндин чекене баасын — бир литрин 3,70 сомго жана дизелдик күйүүчү майдын баасын учурдагы баанын деңгээлинен 4,8 сомго төмөндөтөт. Белгилей кетүүчү жагдай, эгерде жогорудагы чаралар Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын алдын ала эсептөөлөрү боюнча ишке ашырылса, мунай секторунан мамлекеттик бюджетке 2021-жылга пландалган салыктык кирешелер толук көлөмдө аткарылат», — деп кошумчалашты нефтетрейдерлер.

Кыргызстанда дизель жана бензин отунунун баасы өсүп жатканына жарым жыл болду. Нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча, бул Кыргызстан күйүүчү жана майлоочу майларды импорттоп алып келген Орусиянын заводдорунда сатуу баасы кымбаттаганына байланыштуу болууда.

Андан тышкары, сентябрдын башынан тартып Кыргызстан күйүүчү майды Орусиядан пошлина менен алып баштаган. Бензин ташып келүү үчүн пошлина күйүүчү майдын 1,3-1,7 сомго кымбатташын шарттайт.

Мындан кийин минкаб бензинди пошлинасыз ташууларды көбөйтүү тууралуу Орусия менен сүйлөшүүлөрдү баштаган.