«Бул жеңиш — жалпы элдин жеңиши». Жапаров октябрь окуялары тууралуу

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кайрылуу жасады. Анда өлкөдө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылыктар жаралып, бийлик алмашкан. Натыйжада өлкөдөгү бийликти Садыр Жапаров басып алган.

Садыр Жапаровдун кайрылуусу  

2010-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн айынан нааразы болгон элдин калың катмары бийликти кулатууга мажбур болгон. Шайлоолор жабык тизме менен өткөндүктөн бул саясий коррупцияга жагымдуу шарттарды жараткан — саясий партиялардын лидерлери жабык тизмени кызылдай эле соодалап, шайлоодо добуштарды сатып алуу күчөгөн.

«Саясий коррупция» өкмөт менен парламентте жайылган. Парламент өкмөттү түзүп, портфелдерди бөлүштүргөн, ошондуктан өкмөт өз алдынча иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, талкаланган.

Элдин алдындагы жоопкерчилик дээрлик жоголгон. Парламент өкмөткө, өкмөт болсо кайра парламентке түртө салып, президент эч нерсе болбогондой мамиле кылып отуруп жоопкерчиликти эч бир бийлик бутагы алгысы келбей калган.

«Бийликтин ээси эл» деген негизги принцип одоно бузулган. Эл менен бийликтин өз ара аракеттенүүсү төмөндөп, нааразычылыктар өскөн. Саясий партиялар коомдун тигил же бул катмарынын кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн эмес, анын башында турган саналуу адамдардын гана кызыкчылыгын көздөп калган. Мындай адилетсиз түзүлүш эртеби-кечпи кулайт эле. Акыры элдин башкы мүдөөсү Конституция менен негизделип калган жоопкерчиликсиз бийликти кетирүүгө чейин жеткен. Андан тышкары, коррупциянын пандемия шарттарында гүлдөшү да элдин кыжырдануусун күчөткөн жана бийликке болгон ишенимин биротоло жоготкон.

Октябрь окуялары тилекке каршы жоготуусуз өткөн жок. Нааразычылыкка чыккан эл адилетсиз саясатка каршы туруп, өз жанын курмандыкка чалууга да даяр болуп калган эле. Учурдан пайдаланып, курман болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө таазим этип, дагы бир жолу көңүл айтам!

Тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактап калуу үчүн чукул чаралар. Бардыгы мыйзамдуу жол менен жасалды. Элдин талабы боюнча мурдагы бийлик отставкага кетти. Бул жеңиш — жалпы Кыргызстандын элинин жеңиши болду.

Элдик бийлик өлкөдө туруктуулукту калыбына келтирди. Жаңы бийликти эл аралык коомчулук тааныбайт деген сандырак кептер четке кагылды. Бардык эл аралык милдеттенмелер аткарылууда.

Эң негизгиси элдин мүдөөсү ишке ашты. Конституциянын жаңы редакциясы илимпоздор, коомдук ишмерлер жана жалпы элдик талкуунун негизинде иштелип чыгып, 2021-жылы 11-апрелинде жалпы элдик референдумда колдоо тапты.

Чоң жоопкерчиликти мойнума алдым. Муну менен мен элге гана таянып, элге гана ишенип, элге гана кызмат кылууну негизги багытым деп кабыл алдым.