«Уялчаак» депутат Камчыбек Жолдошбаев шайлоого катышуу ниетин билдирди

Камчыбек Жолдошбаев

Депутат Камчыбек Жолдошбаев дагы бир ирет парламентке келүүнү каалап жатат. Ал 5-октябрда № 26 Ленин округунан шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди.

Аны менен кошо бир күндө депутаттар Айбек Осмонов жана Дастан Бекешев да шайлоого катышуу ниеттерин билдиришти. Алардан сырткары дагы 105 киши шайлоого катышууну каалап жатат — анын ичинде башка депутаттар, экс-чиновниктер жана мамкызматкерлер да бар.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрга дайындалган, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат.

«Уялчаак» депутат

Жолдошбаев алгачкы жолу Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышында депутат болгон.

2015-жылы шайлоого «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен катышып кайрадан депутат болуп, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин мүчөсү болгон.

Үч жыл мурда Жолдошбаев жумушка маршруткадан түшүп, жөө басып келген кесиптештеринен уяла турганын айтып сынга кабылган. Эл өкүлү Аида Касымалиева болсо маршруткада жүргөнүнө сыймыктанаарын айтып, Жолдошбаевге уялбай эле коюуну сунуштаган.

Мындан сырткары Жолдошбаев чуулуу иштери менен белгилүү: 2011-жылы ага бир нече соодагердин арызынын негизинде «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

2014-жылы болсо көз карандысыз журналист Семетей Талас уулу депутат ага кол салганын билдирген. Ал эми 2016-жылы Жолдошбаев өзүнүн фракциясынын жыйынында көп аялдуулукту мыйзамдаштырууну сунуштаган.

Камчыбек Жолдошбаев бай катарын толуктайт. Депутаттын кымбат баалуу мүлктөрү, компаниялары жана батирлери бар.

Кененирээк: «Жол тандабастар, батирлер жана бизнес». Уялчаак депутат эмнелерге ээлик кылат?