Ысык-Көл: Мамлекеттик сырды бузуу жана баңгизат даярдоого шектелип экс-чек арачы кармалды

Чек ара кызматынын басма сөз борбору Ысык-Көл облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоого шектелип «Кадамжай-автожол» көзөмөл өткөрмө жайынын (КӨЖ) мурдагы башчысы майор Р.Д. кармалганын билдирди.

«Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен майор Р.Д. баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоого шектелип эки айга камакка алынды», — деп маалымдашты ведомстводон.

Чек арачы. Иллюстративдүү сүрөт: Kabar.kg

Мындан тышкары, басма сөз кызмат аталган аскер кызматкерине карата бир нече кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын белгиледи.

Алардын маалыматына ылайык, 2021-жылдын июлунда кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик жана аскерий сыр болгон маалыматтардын «бүтүндүгү бузулганы» аныкталган.

Өзбекстан менен чектешкен КӨЖдүн башчысы дал ошол убакта ээлеген кызматынан бошотулган.Ошол эле кезде 24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып, майор Р.Д. менен бирге дагы бир чек арачы кармалган деп билдирүүдө.

«Алдын ала маалыматтарга ылайык, ичинде аскер кызматкерлери болгон автоунаа Караколдон Чолпон-Атаны көздөй бараткан жерден милиционерлер тарабынан кармалган», — деп жазат 24.kg.

Чек ара кызматынан жеке курамдын арасында мыйзам бузууларды аныктоого багытталган иш-чаралар дайыма жүргүзүлүп турат деп ишендиришти. Буга карабастан чек арачылар кылмышка катышкан учурлар кездешип турат.