ИИМ мекеменин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча көз карандысыз фоноскопиялык экспертизанын жыйынтыктарына комментарий берди. Буга чейин анын адвокаттары ЖМКларга эксперттердин корутундусун беришкен. Анда Асанов бийликти басып алууну пландаган делген аудио монтаждалганы айтылган.
ИИМ белгилегендей, аталган экспертизалар кошумча салыштыруу материалдары жок жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, ведомстводон аталган жыйынтыктар өлкө мыйзамдары боюнча «адистин корутундусу» болуп эсептелинерин жана ал «кылмыш иши боюнча буюм далил катары таанылышы мүмкүн эмес» деп кошумчалашты.
ИИМ тергөө сотко чейинки өндүрүштүн алкагында лингвистикалык жана фоноскопиялык экспертиза дайындоо тууралуу маселени чечип жатканын, «аны өткөрүү иши салыштырма материалдары менен кошо тийиштүү мамлекеттик экспертизалык кызматтарга тапшырыларын» билдирди.
Эмне болгон аудио жазуу?
13-сентябрда социалдык тармактарда болжолу Курсан Асановдун «Толубай» коммерциялык банкынын коммерциялык директору Алмаз Сарыбаевдин үнүнө окшош делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Видеонун алдына Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти курал менен басып алууну сүйлөшүп жатышат деп жазылган.
Тасмадагы үндөргө караганда, Асанов Акаев андан курал-жарак барбы деп сураганын жана бийликти басып алуу зарыл болсо кайсы бир балдар даяр турганын айткан.
Андан соң Сарыбаев делген адам Чалдыбар менен Токмоктон адамдарды чогулта аларын айтат. Андан кийин аудиодогу адамдар экс-спикер Канат Исаев жана өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимов тууралуу сөз кылышат.
Көз карандысыз экспертизанын жыйынтыктары
6-октябрда Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова Асанов бийликти басып алуу планы жөнүндө айтып жатышы ыктымал делген аудио жазуу монтаждалганын билдирген. Анын айтымында, буга эки көз карандысыз экспертизанын жыйынтыгы далил боло алат.
Эксперттер жазуу эки же андан көп аудиофайлдан куралган деген жыйынтыкка келишкен.
Бийликти басып алуу иши
Ал эми 14-сентябрда милиция кызматкерлери ИИМдин башчысынын экс-орун басары Курсан Асановду бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө шектеп кармашкан.
ИИМдин маалыматына ылайык, «Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөн».
16-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Асановду 2021-жылдын 14-ноябрына чейин «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен №50 тергөө абагына киргизүүнү чечкен.
«Ал жерде өзгөчө оор кылмыш жасагандар кармалат. ИИМдин Тергөө кызматы бул иштин кайсы бир натыйжа менен аякташына кызыкдар болгондой көрүнүп турат», — деп соттун чечимине пикир билдирген Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов.
Экин күндөн кийин ушул эле иш боюнча Алмаз Сарыбаев дагы кармалган. Ал дагы бийликти күч менен басып алууга айыпталууда. Сарыбаев өзү күнөөсүн четке кагып, ачкачылык жарыялаган. Мындан улам анын саламаттыгы начарлап, №1 тергөө абагынан жеке клиникалардын бирине которулган.
Маданият ишмерлеринин чуулгандуу каты
Социалдык тармактарда жайылган үн жазма катар бир нече маданият ишмеринин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу жарыяланган. Алар мамлекет башчысынан болжолу 17-сентябрда куралдуу төңөрүш жасап, бийликти басып алууга камынып жаткан айрым саясатчыларга карата катаал чара көрүүнү суранышкан.
Кайрылууда өкмөттүн Чүй облусундагы экс-ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов, азыркы депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, мурдагы депутаттар Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана «Улуу Кыргызстан» партиясынын өкүлү Азамат Мусакеевдин ысымдары аталган.
Бирок кайрылууда ысымдары көрсөтүлгөн маданият ишмерлеринин айрымдары каттын текстин көрбөгөнүн айтып чыгышкан.
Бул кайрылуудан соң үн жазма менен катта ысымдары аталган бир катар саясатчы ИИМге суракка чакырылган. Ал жакта күбө катары азыркы жана мурдагы депутаттар Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, канат Исаев, Ахматбек Келдибеков, Исмаил Исаков жана Бакыт Жетигенов сурак берип чыгышкан. Ошондой эле Чүй облусунун экс-ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абрадимов сурак берген.
Саясатчылардын ар бири 3-4 сааттай сурак берген. Сурактан чыккандан кийин алардын баары бийликти басып алуу боюнча чакырыкка тиешелери жоктугун айтышкан.