Бийликти басып алууга аракет: Медиктер Сарыбаевге ачкачылыкты токтотууну кеңеш берди

«Толубай» коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев ТИЗО-1де ачкачылык жарыялагандан бери бир жума өттү. Анын атасы Айылчы Сарыбаев «Азаттыкка» маек куруп, 24-сентябрда медиктер уулун кароого алып, ачкачылыкты токтотууну кеңеш бергенин айтып берди.

Акыйкатчы институтунан маалыматты бышыктап, Сарыбаев мындай кадамы менен нааразылыгын билдирип жатат деп белгилешти.

«Бийликти күч менен басып алуу» иши

Буга чейин соцтармактарга «Курсан Асанов, Жанар Акаев жана башкалар бийликти басып алабыз деп сүйлөшкөнүнөн кыскача үзүндү» деген аудио жазуу тараган. Анда ыктымал Асанов менен Сарыбаев «баш аламандык уюштуруу» тууралуу сүйлөшүүсү жазылган деп айтылат.

Аудиону чечмелеген жазууда Курсан Асанов «Жанар Акаев андан курал-жарак барбы деп сураганын жана бийликти басып алуу зарыл болсо кайсы бир балдар даяр турганын айткан» делет. Бирок тасмадагы үндөрдүн сапаты өтө начар болгондуктан үндөрдү ажыратуу да, сөздөрдү түшүнүү да кыйын.

Ошол эле учурда интернетте бир катар маданий ишмерлердин айрым саясатчылар 17-сентябрда «100 миң кишинин катышуусунда митинг өткөрүп, бийликти басып алууга камынып» жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылган каты тараган.

15-сентябрда катта аты аталган саясатчылардын дээрлик баары сурак берип чыккан. Ал эми Курсан Асанов жана Алмаз Сарыбаев 14-сентябрда эле суракка алынгандан соң кармалган. Асанов да, Сарыбаев да аларга тагылган айыпты моюндашкан эмес. Сот Асановду өзгөчө кооптуу кылмышкерлер жаза өтөгөн ТИЗО-50гө эки айга камаган.

Ал эми катты жазган маданий ишмерлер анын мааниси бурмаланып, биринчи бети өзгөртүлгөнүн айтып чыгышкан. Алардын айтымында, каттын түп нускасында саясатчылардын аты жазылган эмес.

17-сентябрда болсо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Ала-Тоо аянтында «саясий туткундарга» арналган көркөм-нааразычылык акциясын уюштурду. Ага жүздөй киши катышып, акцияда Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Караларга салып беребиз». Алмаз Сарыбаев «бийликти күч менен басып алуу» иши боюнча кармалды

«Катты көргөн да эмесмин». Президентке «кайрылган» маданият кызматкерлери эмне дейт?