«Караларга салып беребиз». Алмаз Сарыбаев «бийликти күч менен басып алуу» иши боюнча кармалды

Алмаз Сарыбаев

«Толубай» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешмесинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев «Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө» шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сарыбаев 15-сентябрда ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылган. Ошол эле күнү ал Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алмаз Сарыбаевдин атасы Айылчы Сарыбаев «Марал» басылмасына курган маегинде тергөөчүлөр уулун 12 саат суракка алып, «Курсан Асановго каршы көрсөтмө алууну көздөп коркутуп жатышканын» билдирди.

«Тергөөчү: “эгер Курсан Асановго каршы көрсөтмө берсең коё беребиз, көрсөтмө бербесең сени караларга салып берип, эзебиз” дептир. Тергөөчүнүн фамилиясын билбей жатам. Бул буйрутманы ким бергенин, [Камчыбек] Ташиевби же ИИМдин башчысыбы [Улан Ниязбеков], билбей жатам», — деди Сарыбаев

Бул иштин алкагында 14-сентябрда ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган. Ошондой эле 15-сентябрда бир нече саясатчылар сурак беришти. Алар: депутаттар Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Бакытбек Жетигенов, экс-депутат Ахматбек Келдибеков, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков жана Чүй облусунун экс-башчысы Туйгунаалы Абдраимов.

Депутат Акаев ИИМдин имаратынан чыккандан кийин «бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн эмесмин» деп айтып, «сурактын шайлоо менен байланышы бар» деп билдирди. Ал эми Алтынбек Сулайманов алар маданият кызматкерлеринин президентке жолдогон кайрылуусу* боюнча сурак бергенин ачыктаган. Ошондой эле ал сурактын шайлоо менен байланышы бар деп ойлойт.

*Буга чейин 17-сентябрда «саясий туткундарга» арналган тынчтык митинг өткөрүлө турганын кабарланган — аны Туйгунаалы Абдраимов жана Сеид Атамбаев уюштурмакчы. Ал эми маданият ишмерлери 17-сентябрда айрым саясатчылар «100 миң кишинин катышуусунда митинг өткөрүп, бийликти басып алууга камынып» жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Кайрылуудагы аталган дээрлик бардык саясатчылар сурак берип чыгышты.

Соцтармактарда тараган аудио

Мындан сырткары ИИМдин кылмыш ишин козгошуна соцтармактарда «Курсан Асанов, Жанар Акаев жана башкалар бийликти басып алабыз деп сүйлөшкөнүнөн кыскача үзүндү» деп аталган аудио жазуу да негиз болгон. Анда ыктымал Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаев «баш аламандык уюштуруу» тууралуу сүйлөшүүсү жазылган деп айтылат.

Ошондой эле аудиону чечмелеген жазууда Курсан Асанов «Жанар Акаев андан курал-жарак барбы деп сураганын жана бийликти басып алуу зарыл болсо кайсы бир балдар даяр турганын айткан» делет. Бирок тасмадагы үндөрдүн сапаты өтө начар болгондуктан үндөрдү ажыратуу да, сөздөрдү түшүнүү да кыйын.

Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова Асановго таянып үн жазууну «монтаждалган» деп билдирди. Ал эми ИИМдин мурдагы башчысынын дагы бир адвокаты Чынара Жакупбекова «Асанов аудиодогу сөз өткөн жылдагы октябрь окуялары боюнча болгонун айтты» дейт.

Ал эми депутат Жанар Акаев өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасап видеодогу сөздөрдү «карандай калп» деп атады. Ошондой эле Курсан Асанов менен «көп убакыттан бери сүйлөшпөгөнүн» белгилеп, «мен өзүм бийликтин бир бутагында отурсам кантип бийликти басып алам» деп суроо салды.

«Жанар деген сөздү эптеп алып келип чаптап, элди ишендирип, “ушулар бир тополоң уюштурганы аракет кылып жатат” дегендей калп маалымат тараганы абдан өкүндүрөт. Анткени калп, жалган мамлекеттик деңгээлде айтылып, бул нормага айланып баратканы абдан кейиштүү көрүнүш», — деди ал.