Жуманазарова менен Велиеванын беттеши: Орусия курамасы жыйынтыкты даттанат

Күрөш боюнча Орусия курамасынын машыктыруучулары Мээрим Жуманазарова менен орусиялык спортчу Ханум Велиеванын жарым финалдагы беттешинде калыстар кабыл алган чечимди даттанышат. Бул тууралуу ТАСС басылмасына Орусиянын эркин күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили билдирди.

6-октябрда күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында Мээрим Жуманазарова орусиялык атаандашын жеңип, финалга чыккан.

«Биз каршылык билдиребиз. Жөн жерден эле олуттуу ката кетиришти. Таблодогу көрсөткүч боюнча Велиева финалга чыгып жаткан болчу. Калыстыкты жоопкерчиликтүү жана туура ой калчаган жана жоопкерчиликтүү адамдар аркалашы керектигин карап чыгууга негиз бар», — деп эсептейт Мамиашвили.

Осло (Норвегия) шаарында 2-8-октябрь күндөрү күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат.

7-октябрдагы финалдык беттеште Жуманазарова Жапониялык Рин Мияжи менен алтын медаль үчүн күрөшөт.

Мээрим Жуманазарова – 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы.

Мээрим Жуманазарова – 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына чейин Мээрим Жуманазарова Токио 2020 Олимпиада оюндарына катышкан. Мелдеште ал коло медаль уткан. Кийин ага 7 млн сом (83,3 миң доллар) жана Toyota Rav 4 унаасы белекке берилген.

Жуманазаровадан тышкары күрөш боюнча дүйнөлүк мелдешке Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова катышып жатат. Тыныбекова бул жолу дагы алтын медалды багындырып, экинчи жолу дүйнө чемпиону аталды.

Андан тышкары, кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Ослодогу чемпионатта күмүш медалга ээ болду. Ал эми балбандар Алибек Осмонов менен Айпери Медет кызы коло медалды багындырды.