Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келди

Өмүрбек Бабанов

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 5-сентябрда Орусиянын Москва шаарынан Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу «Клоопко» саясатчынын жакындары билдиришти.

«Өзүн жакшы сезип жатат. Азыр ден соолугун калыбына келтирүүдө», — деп билдиришти алар.

Бабановго Москвада жүрөгүнө операция жасалып, дарыгерлер ага учакка түшүүгө тыюу салышкан. Мындан улам ал жол менен келди. Учурда Бабанов дарыланууну Бишкектеги үй шартында улантууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Өмүрбек Бабановду «Кумтөр ишинин» алкагында 31-майда кармап, саясатчыга «Коррупция» боюнча айып таккан. Ал эми сот аны эки айга тергөө изоляторуна киргизген.

Бабановдун жактоочусу Амантур Абдырахманов анын кардары өзүн «Кумтөр иши» боюнча күнөөлүү деп эсептебей тургандыгын жана тергөө менен кызматташууга барбай тургандыгын айткан.

Биринчи май райондук соту Бабановдун «ден соолугу начарлаганына» байланыштуу 27-июлда УКМКнын ТИЗОсунан бошоткон жана чет өлкөгө чыгууга уруксат берген.

Бабанов эмне себептен камалган?

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо «бийликчил» талапкер Сооронбай Жээнбековдун эң негизги атаандашы болгон. Ал кезде Жээнбековду ошол учурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев колдогон.

Президенттик шайлоонун алдында Бабанов жана анын тарапташтарына карата басым башталган. Мисалы, аны колдогон депутат Канатбек Исаев «Бийликти күч менен басып алууга» шектелип, камакка алынган. Ал эми дебат учурунда Жээнбеков Бабановго «коррупция менен күрөштү сенден баштайм» деп, аны камай турганына ишара кылган.

Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин Бабанов Кыргызстандан чыгып, саясий карьерасын аяктаганын билдирген. Бабанов өлкөдөн чыгып кеткенден кийин ага карата эки кылмыш иши козголгон.

Биринчисин башкы прокуратура саясатчы талапкер катары чыгып жаткан 2017-жылдын октябрында өткөн президенттик шайлоодон кийин дароо эле козгогон. Бабановду ошол учурда анын Ошто шайлоочулардын алдында сүйлөп чыкканынын айынан улуттар аралык кастыкты козутууга айыпташкан.

Экинчиси массалык башаламандыктарды уюштуруу менен бийликти басып алууга даярдык көрүүгө байланыштуу. Бабанов өзү айыптоолорду «такыр маанисиз» деп атаган.

Ал эми 2019-жылы Бабанов НТС телеканалына маек куруп, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканы тууралуу айтып берген. Бабановдун айтымында, алар саясатчыдан депутаттык мандатты* тапшырууну жана өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылышкан. Анын ордуна Атамбаев жана Жээнбеков ага жана анын тарапташтарына карата кылмыш иштерди токтотууну убада кылганын белгилеген.

*Ал кезде Бабанов Жогорку Кеңеште «Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери болгон.

2019-жылдын август айындагы «Кой-Таш» окуяларында мурдагы президент Атамбаев кармалгандан кийин Бабанов Кыргызстанга кайткан. Саясатчы өлкөгө келгенден кийин сегиз кылмыш иш боюнча суралып жатканын билдирген. Ал эми 2021-жылдын март айында Бабановго байланыштуу иштер «тастыкталбай калганына» байланыштуу кыскартылган — ошол эле учурда саясатчы мамлекеттик бюджетке «өз калоосу» менен 100 млн сом төлөгөн.

Бабанов 2020-жылдын октябрь айында саясатка аралашууга аракет кылып, премьер-министрлик кызматка барууга умтулган. Бирок 9-октябрда Садыр Жапаровдун тарапташтары менен кагылышуудан кийин артка чегинген.

Андан соң Бабанов премьер-министрлик кызматка келген Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоп чыккан. Ал эми саясатчынын «Республика» партиясындагы мүчөсү Руслан Казакбаев министрлер кабинетинин жаңы курамына Тышкы иштер министри катары кирген. Анткен менен көп өтпөй Бабанов «Кумтөр ишинин» алкагында кармалган.

«Кумтөр иши»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Атайын кызмат «Кумтөр иши» боюнча экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев, Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариев, экс-вице-премьерлер Тайырбек Сарпашев, Алмазбек Баатырбеков, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана «Кыргызпатенттин» мурдагы башчысы Динара Молдошеваны кармаган.

Кармалгандардын ичинен Сарпашев, Пирматов, Молдошева жана Абылгазиев тергөө абагынан чыгарылышкан. Ал эми Биринчи май райондук соту экс-депутат Талантбек Узакбаевди «Коррупцияга» күнөөлүү деп таап, 300 миң сом айып пул салган.

Мындан тышкары, атайын кызмат Кыргызстандын бозгун президенттери Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевге издөө жарыялаган. Ошондой эле издөө Бакиевдин уулу Максимге жана кенди иштетүү келишимдерине байланышы бар бир катар мурдагы аткаминерлерге жарыяланган.

Ал эми 2-августта Аскар Акаев Кыргызстанга келип, УКМКга сурак берип чыккан. Мурдагы президент сурактан чыккандан кийин «Кумтөр» маселеси боюнча көрсөтмө берүү үчүн бир жумага келгенин, иш менен жаңыдан гана таанышып жатканын айткан.

Кийинчерээк Акаев Кумтөрдөгү алтынды өндүргөн канадалык Centerra Gold Inc. менен келишим түзүлүп жатканда ал өкмөттүн аракеттерине көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн кечирим сураган. Ал эми депутат Дастан Бекешев мурдагы президенттин билдирүүсүнө комментарий берип, Кумтөр боюнча жоопкерчиликти «маркумга жүктөө оңой» деп айткан.