АКШда полициянын огунан трак айдаган 27 жаштагы кыргыз жараны каза тапты

Сүрөт: Therecord-online

ТИМ АКШнын Пенсильвания штатында 5-октябрда полиция кызматкерлеринин огунан 27 жаштагы кыргызстандык каза тапканын тастыктады.

Буга чейин бир катар ЖМКлар полиция жүк ташып иштеген кыргызстандыкты атып өлтүргөнүн жазышкан. Алдын ала маалымат боюнча маркум полициянын буйругуна баш ийбей, унаа менен качып баратканда полиция ага ок чыгарган.

Социалдык тармактарда тараган тасмада оор жүк ташуучу унаага бир нече жолу ок атылганы угулат. Видеонун авторлору кыргыз-орус тилдеринде сүйлөшүп, бири-биринен «айдоочу өлдүбү» деп сурашкан.

Унаа биринчи ок атуудан кийин полициянын унааларын сүзүп жүрө баштаганда ага карата кайрадан ок чыгарышкан.

24.kg басылмасына күбөлөр маркум Пенсильвания штатындагы трак-компаниялардын биринде иштегенин билдиришти. Алардын айтымында, компания айдоочуга 3 миң АКШ доллар айлыгын төлөп бербегени үчүн ал «эмоцияга алдырып» компаниянын жүк ташуучу унаасын айдап кетип калган.

Мындан улам анын үстүнөн полицияга айдоочу аларга кол салып, андан соң унааны уурдап кеткенин айтып арызданышкан. Ал эми айдоочу унаа токтоочу жайлардын биринен табылган.

АКШнын ЖМКларынын маалыматына ылайык, айдоочу жүк ташуучу унаасында коргонуп отурганда андан колго түшүп берүүнү айтышкан. Бирок айдоочу ага баш ийбей унаасынын прицеби менен полициянын унааларын жана аскерлер сүзүп, офицерлер жеңил жарааттарды алышкан.

Тышкы иштер министрлигинен окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн АКШнын Ички коопсуздук министрлигине жана Мамлекеттик департаментине сурам кат жөнөтүлгөнүн билдиришти.

Ал эми элчиликтен маркумдун туугандары документ иштери бүткөн соң анын сөөгүн Кыргызстанга жиберүүгө камданып жатышканын белгилешти.

«Элчилик маркумдун бир тууган агасы менен тыгыз байланышта болуп, документ иштерине жардам берип жатат. Бул маселе министрликтин жана элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө», — деп билдиришти ТИМден.