Чүй: №31 түзөтүү колониясынын жетекчиси пара алган жеринен кармалды

Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан №31 түзөтүү колониясынын жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, жетекчи жазасын өтөп жаткан кишиге аны жатак-абакка которуу же шарттуу түрдө бошотуу боюнча материалдарды даярдап берүүнү убадалап, андан акча талап кылган.

7-октябрь күнү УКМК аны кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Учурда «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.