COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болуп, 84 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 8-октябрга карата коронавирустун 84 жаңы учуру катталып, эки бейтап каза болду. Илдеттен 77 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 45;
  • Чүй облусунда — 24;
  • Ысык-Көл облусунда — 9;
  • Ош шаарында — 3;
  • Баткен облусунда — 2;
  • Жалал-Абад облусунда — 1;

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 179 120га жетти. Ал эми өлкө боюнча 173 873 киши вирустан айыкты. Пандемияда жалпы 2 616 адам көз жумду.

Учурда ооруканаларда 440 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 703.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 8-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6 049 адам, ал эми экинчи дозасын 4 565 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.