Күрөш боюнча кыздар курамасы Ослодон кайтып келди

Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова. Сүрөт: «Азаттык» үналгысы/Гүлжан Турдубаева

Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар курамасы 9-октябрда Норвегиянын Осло шаарынан Кыргызстанга кайтып келди. «Манас» аэропортунда аларды спорт агенттигинин кызматкерлери, күйөрмандары жана жакындары тосуп алышты.

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков кыздардын жеңишинин артында он жылдык талыкпас эмгек жатаарын белгиледи. Ошондой эле ал бул ийгиликтер башталышы болгонун айтып, кийинки кыздар да эки-үч олимпиада аралыгында медаль багындырарына үмүтү чоң экенин кошумчалады.

«Бул он жылдан ашуун талыкпас, үзүрлүү жана туура багытта алып барган эмгектин аркасында келген ийлигик. Биздин кыздарыбыз, Айсулуу, Мээрим, Айперинин он жылдын аралыгында көптөгөн ыза тарткан учурлары болду. Көптөгөн эл аралык мелдештерди өткөрүп, тажрыйбаларды алып, бүгүнкү күнү жакшы натыйжа көрсөтүп жатат десек болот», — деди Изабеков.

Ал эми дүйнөнүн экинчи жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова ал олимпиададан кийин бир ай машыкпагандыктан беттештин биринчи күнү оор болгонун айтты. Ал алдыда өзүнө убакыт бөлүп, жан дүйнөсүн да эс алдырат.

«Кийинки өтө турган олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан спортту таштабайбыз. Мындан ары дагы машыгууларды уланта беребиз. Чынын айтсам үч кыз барып, эки алтын, бир коло алганы биздин, аялдар курама командасы үчүн аябагандай чоң жетишкендик деп ойлойм. Медет кызы Айпери дагы финалдык беттешке чыгып, алтын медаль үчүн күрөшө турган мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок коло буйруп калды», — деди Тыныбекова.

Коло медалды багындырган Айпери Медет кызы дүйнө биринчилигинде алтын алам деген максат менен барганын белгиледи.

«Сезимдерим жакшы, бирок 100% жакшы деп айта албайм. Дүйнө биринчилигине алтын медаль алам деп баргам. Тилекке каршы бул спорт экен, анда бирде жеңүү, бирде жеңилүү болот экен. Азыр коло байгенин ээси болуп отурам. Мен үчүн эң оор күрөш Эстониядан келген балбан менен кыз финалга чыгуу үчүн болду. Утуп жатып, тилекке каршы, 24 секунда калганда жеңишти тарттырып жибердим. Буюрса алдыдагы беттештерде сиздерди сүйүндүрөм деген үмүттөмүн», — деди Медет кызы.

Дүйнө чемпионатында алтын уткан Мээрим Жуманазарова «ийгиликтын сыры деле жок, болгону жакшы машыктыруучу жана талыкпай эмгек кылыш керек» деди. Андан сырткары, коркпой, чоң-чоң максаттарды коюуга чакырды.

Бул турнир өлкөнүн кыз-келиндер курамасы үчүн тарыхта эң жемиштүү болду, себеби спортчу кыздардын баары медаль менен кайтып келишти.

Алсак, Айсулуу Тыныбекова бул дүйнө чемпионатында 62 кг салмакка чейин категорияда алтын медалды багындарды. Жыйынтыгында Тыныбекова дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду.

Мээрим Жуманазарова дагы 68 кг салмакка чейин алтын утту, ал эми Айпери Медет кызы ушул эле турнирдин 76 кг салмакка чейинки таймашында коло медалды багындырды.

Бул турнирдеги жалпы медалдык эсепте Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы 6-орунду камсыздады.