Видео: Сузакта көмүрканада өрт чыгып, айыл өкмөттүн имараты күйүп кетти

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда айыл өкмөттүн имараты өрттөндү. Өрт көмүр сактоочу жайда башталып, кийин катарлаш жайгашкан айыл өкмөтүнүн имаратынын биринчи кабатына өткөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди

Өрт тууралуу маалымат таңкы сегизде келип түшүп, саат 09:03кө карата жалын чектөөгө алынганы айтылды. Тилсиз жоону өчүрүүгө Жалал-Абад шаардык, ошондой эле Сузак райондук өрт өчүрүү кызматынын 3 бөлүмү тартылды.  Ошондой эле, кырсык болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция жана тез жардам кызматкерлери барды.

Ведомствонун алдын ала маалыматына караганда, Сузак айылындагы көмүр сактоочу жайда 20 тонна көмүр күйүп кетти. Ал эми өрттүн келип чыгуу себеби жана жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча кабарлана элек.